КАРЛСРУЭ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КА&#769;РЛСРУЭ</b> – Германиянын түш.-батышында&shy;гы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (адм.-айм. бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн д-нан 7 <i>км</i> чыгышта жайгашкан. Калкы 287,3 миң (2008); калкынын саны ж-а экон. мааниси б-ча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жы&shy;лына 7,1 млн т жүк ташылат). К. порт комплек&shy;си 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-ж. маркграф тарабынан негизделген. Чир&shy;көөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта ж. б.
<b type='title'>КА&#769;РЛСРУЭ</b> Германиянын түштүк-батышында&shy;гы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 <i>км</i> чыгышта жайгашкан. Калкы 309,9 миң (2023); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жы&shy;лына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплек&shy;си 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чир&shy;көөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башкалар сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илим жана би&shy;лимдин маанилүү борбору. Илимий изилдөө институттары, университеттер, институ&shy;ттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галерея&shy;сы, театрлар, музейлер, архив жана башкалар бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор ма&shy;шина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башкалар) өнөр жай өнүккөн.  
сакталган. К. – өлкөнүн маданий, ил. ж-а би&shy;лимдин маанилүү борбору. ИИИлер, ун-ттер, ин&shy;ттар, мамл. жогорку муз. мектеп, сүрөт галерея&shy;сы, театрлар, музейлер, архив ж. б. бар. Шаар&shy;да ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (а. и.


[[File:КАРЛСРУЭ19.png | thumb | Шаардагы ак сарай (1752–82).]]
[[File:КАРЛСРУЭ19.png | thumb | Шаардагы ак сарай (1752–1782).]]
станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор ма&shy;шина, электр-тех., радио электроника, прибор ж. б.) ө. ж. өнүккөн. Аскер өндүрүшү (негизи&shy;нен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыра&shy;туу [К. – Германиядагы эң маанилүү нефть иште&shy;түүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Ев&shy;ропадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн т нефть өндүрөт)], хим. (пластмасса, жасалма каучук, резина-тех. ж. б.), фармацевтика, кос&shy;метика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полигр., эмерек, курулуш материалдар ө. ж. иш&shy;каналарыиштейт.Эларалыкфестивалдарж-а дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаң&shy;келер өткөрүлүп турат.
Аскер өндүрүшү (негизи&shy;нен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыра&shy;туу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иште&shy;түүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Ев&shy;ропадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химия (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башкалар), фармацевтика, кос&shy;метика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаң&shy;келер өткөрүлүп турат.
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]

03:50, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КА́РЛСРУЭ – Германиянын түштүк-батышында­гы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 309,9 миң (2023); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жы­лына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплек­си 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чир­көөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башкалар сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илим жана би­лимдин маанилүү борбору. Илимий изилдөө институттары, университеттер, институ­ттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галерея­сы, театрлар, музейлер, архив жана башкалар бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор ма­шина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башкалар) өнөр жай өнүккөн.

Шаардагы ак сарай (1752–1782).

Аскер өндүрүшү (негизи­нен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыра­туу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иште­түүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Ев­ропадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химия (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башкалар), фармацевтика, кос­метика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаң­келер өткөрүлүп турат.