КАРЛСРУЭ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́РЛСРУЭ</b> – Германиянын | <b type='title'>КА́РЛСРУЭ</b> – Германиянын түштүк-батышында­гы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 <i>км</i> чыгышта жайгашкан. Калкы 309,9 миң (2023); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жы­лына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплек­си 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чир­көөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башкалар сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илим жана би­лимдин маанилүү борбору. Илимий изилдөө институттары, университеттер, институ­ттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галерея­сы, театрлар, музейлер, архив жана башкалар бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор ма­шина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башкалар) өнөр жай өнүккөн. | ||
сакталган. | |||
[[File:КАРЛСРУЭ19.png | thumb | Шаардагы ак сарай ( | [[File:КАРЛСРУЭ19.png | thumb | Шаардагы ак сарай (1752–1782).]] | ||
Аскер өндүрүшү (негизи­нен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыра­туу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иште­түүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Ев­ропадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химия (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башкалар), фармацевтика, кос­метика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаң­келер өткөрүлүп турат. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
03:50, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КА́РЛСРУЭ – Германиянын түштүк-батышындагы шаар. Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 309,9 миң (2023); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жылына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплекси 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чиркөөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башкалар сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илим жана билимдин маанилүү борбору. Илимий изилдөө институттары, университеттер, институттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галереясы, театрлар, музейлер, архив жана башкалар бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор машина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башкалар) өнөр жай өнүккөн.

Аскер өндүрүшү (негизинен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыратуу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иштетүүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Европадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химия (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башкалар), фармацевтика, косметика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаңкелер өткөрүлүп турат.