КАРЕНДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРЕНДЕР</b> (өздөрүн пгханьо деп аташат) – | <b type='title'>КАРЕНДЕР</b> (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү менен түштүк-чыгышында жана Таиланддын түндүк-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). Карендерде уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын не­гизгилери: сго, пво, бве, йао жана башка уруулар. Диа­лектилери жана үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлө­шөт. Динге ишенгендери негизинен – буддист­тер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. Карендердин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (биздин замандын 1-миң жыл­дыгынын ортосунан), Мьянма жана Таиланд ай­мактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дый­канчылык (күрүч). Тоолук карендер буйвол, бука, эчки асырашат. XX кылымдын ортосуна чейин патриар­халдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салын­ган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, ба­шына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Дене­лерине татуировка коюшат. Индикытай элде­ринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эч­кинин сүтүн ичишет. Карендердин улуттук фолькло­ру, музыкасы, ыр, бийлери бар. | ||
Мьянманын түштүгү | |||
Чыгыш Тибеттен көчүп келип ( | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
10:22, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРЕНДЕР (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү менен түштүк-чыгышында жана Таиланддын түндүк-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). Карендерде уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын негизгилери: сго, пво, бве, йао жана башка уруулар. Диалектилери жана үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен – буддисттер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. Карендердин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (биздин замандын 1-миң жылдыгынын ортосунан), Мьянма жана Таиланд аймактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дыйканчылык (күрүч). Тоолук карендер буйвол, бука, эчки асырашат. XX кылымдын ортосуна чейин патриархалдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салынган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, башына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Денелерине татуировка коюшат. Индикытай элдеринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эчкинин сүтүн ичишет. Карендердин улуттук фольклору, музыкасы, ыр, бийлери бар.