КАРЕЛ МОЙНОГУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРЕ́Л МОЙНОГУ</b> Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кур­гактыктын кууш тилкеси. | <b type='title'>КАРЕ́Л МОЙНОГУ</b> Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кур­гактыктын кууш тилкеси. Бийиктиги 50 <i>м</i>ге че­йин, эң бийик жери 205 <i>м</i> (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, борбордук бөлүгү ж-а түштүгү мөңгүнүн шиленди текте­ринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда бол­гон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы ке­сип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу то­кой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдала­нуу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаарлары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск ж. б. курорт­тук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу ж-а ишмердиги м-н байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башта­лышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Рос­сияга өткөн. 1918–40-жылдарда басымдуу бөлүгү Фин­ляндияга караган. 1940-жылдан Россия Феде­рациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа ж-а суу туризми өнүккөн. | ||
карагай токою (1738- | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:28, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРЕ́Л МОЙНОГУ Балтика деңизинин Финн булуңу м-н Ладога көлүнүн аралыгындагы кургактыктын кууш тилкеси. Бийиктиги 50 мге чейин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, борбордук бөлүгү ж-а түштүгү мөңгүнүн шиленди тектеринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы кесип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу токой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдалануу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаарлары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск ж. б. курорттук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу ж-а ишмердиги м-н байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башталышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Россияга өткөн. 1918–40-жылдарда басымдуу бөлүгү Финляндияга караган. 1940-жылдан Россия Федерациясына таандык. Жөө жүрүү, лыжа ж-а суу туризми өнүккөн.