КАЗАКТАР (казак-орустар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:29, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАЗАКТАР , к а з а к - о р у с т а р (түркчө эркин адам) – Россиядагы этностук-сословиелик топтор; орус жерлеринин четки түштүк аймакта­рында жашаган элдердин 14-кылымда калыптанган социалдык-этностук ж-а тарыхый жамааттары. Дон, Кубань, Оренбург ж-а Сибирь казактарынын ичинде орустар, украиндер басымдуулук кыл­ган, ошондой эле беларус, түштүк славян, татар, мордва, башкыр, калмак, кумык, ногой, чечен, армян, түркмөн, бурят ж. б. элдердин топтору да казактардын курамына кирген. 15-к-дын башынан казактар орус мамлекетине аскердик кызмат өтөй башташкан. 16-кылымда Украинада Запорожье Сечи, Тер казактарынын ж-а Сибирь казактарынын жамааттары, Речь Поспо­лита м-н чектешкен аймакты украин казактарынын поляк өкмөтүнө кызмат кылган өзгөчө тобу, 17- кылымдын ортосунда Чыгыш Украинада Слобода казактары пайда болгон. казактар Сибирь, Ыраакы Чыгыш ж-а Россиянын түштүк аймактарындагы жаңы жер­лерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. 16–17- кылымдарда казактар кеңири автономияга ээ болушкан. Бар­дык маанилүү иштер аскер чөйрөсүндө чечилип, жамааттын башында атамандар турган. Орус өкмөтү акырындык м-н казак облустарынын ав­тономиясын чектеп, казактарды толугу м-н өздөрүнө каратууга умтулушкан. 17–18-кылымдарда казактар өз эркин­диги үчүн талбай күрөшүп, падышага каршы көтөрүлүштөргө жигердүү катышкан. С. Т. Ра­зин, К. А. Булавин, Е. И. Пугачёв сыяктуу көтө­рүлүштүн жетекчилери казактардан чыккан. Булавин­дин көтөрүлүшү (1707–09) талкалангандан ки­йин Дон казактарынын бир бөлүгү Кубанга, кийин Ос­мон империясына өтүп кетишкен. Е. И. Пугачёв­дун көтөрүлүшү (1773–75) жеңилген соң, Запо­рожье Сечи жоюлган. 18–19-кылымдарда бир катар ка­зак аскерлери жоюлуп, падыша өкмөтүнө то­лук баш ийген жаңы аскерлер (Астрахань, Орен­бург, Кара-Деңиз, Сибирь, Кавказ, Забайкалье, Амур, Кубань, Терек , Жети-Суу, Уссури) түзүлгөн. Казактардын жалпы саны 4,4 млндон ашып, 63 млн теше жерге ээлик кылган. казактардын бар­дык аскерлери административдик ж-а аскердик жактан ас­кер министрлигине баш ийген. Казактар 18 жаштан 20 жыл, 1909-жылдан 18 жыл аскердик кызмат өтөшкөн. 18–20-кылымдарда казактар Россиянын согуштук кампанияларынын баарына катышып, Жети жылдык (1756–63), Ата Мекендик (1812), Кав­каз (1817–64), Крым (1853–56) ж-а орус-түрк со­гуштарында айырмаланган. 19-кылымдын аягы – 20- кылымдын башында казактар укук тартибин ж-а мамле­кеттин коопсуздугун камсыз кылууда кеңири пайдаланылган. Жарандык согуштун жүрүшүндө (1917–22) казактар элдешкис эки лагерге бөлүнүп ке­тишкен. Көпчүлүгү А. П. Богаевский, А. И. Ду­тов, А. М. Каледин, П. Н. Краснов, К. К. Мамон­тов, Г. М. Семёнов, А. Г. Шкуронун команда­чылыгы алдында ак гвардиячылар, С. М. Будён­ный, Б. М. Думенко, Н. Д. Каширин, Ф. К. Ми­ронов жетектеген казактар Совет бийлиги тарапта сал­гылашкан. Ак гвардиячылар талкалангандан кийин миңдеген казактар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 1920-ж. казактар катмар катары жоюлган. 1936-жылы казак-орустарга Жумушчу-дыйкан Кы­зыл Армиясына кызмат кылууга уруксат бери­лип, Кавказ дивизиясы түзүлгөн. Улуу Ата Ме­кендик согушта (1941–45) казактар душманга каршы баатырдык м-н салгылашкан. 1990-жылдардын башында Россияда казактар уюмдары кайра пайда боло баштаган. 1996-жылы январда РФ Президен­тинин алдында казактар аскерлеринин башкы баш­кармалыгы түзүлүп, ал 1998-жылы РФ Президен­тине караштуу казактар маселеси боюнча башкар­малыкка айланган. 1993-жылы «Кыргызстандагы Жети-Суу казакта­рынын уюму» (атаманы М. И. Бучнев) түзүлүп, 2003-жылы «Кайра жаралуу» маданий-экономикалык борбо­ру, 2006-жылдан «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» (атаманы В. К. Бабичев) деп аталат. Уюмдун негизги мак­саты – казактардын үрп-адат ж-а салтынын негизин­де келечектеги муундарды маданияттуулукка, спорт­ко, патриоттуулукка тарбиялоо, наркомания ж-а наркобизнеске каршы күрөшүү. Билим бор­бору, улуттук кийимдерин тигүү цехтери иш­тейт, 3 чиркөөсү бар. Казак ырларынын республикалык фестивалы өткөрүлөт. «Союз 2007» фестивалы­нын чегинде «Зарница» казак хору эл аралык маданий программага катышат. «Казактар тынч­тык жана туруктуулук үчүн» гезити ж-а «Кыр­гызстандын Жети-Суу казак-орустары уюму» буклеттери чыгарылат. Казактар көп жашаган калк­туу конуштарда баштапкы жамааттары түзүл­гөн. «Кыргызстандагы Жети-Суу казактарынын республикалык уюму» Россия казактар союзунун бир бөлүгү ж-а Сибирь, Урал, Оренбург ж-а Жети- Суу казактарынын эл аралык уюмунун мүчөсү.



Ад .: История казачества азиатской России. Екатеринбург, 1995. т. 1–3; Российское казачество / Отв. ред. Т. В. Таболина. М., 2003.