КАРГЫШ ЫРЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРГЫШ ЫРЛАРЫ</b> – оозеки чыг-лыктагы <i>каа&shy;да-салт ырларынын</i> түрү. Кыргыз фольклорун&shy;да К. ы. көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү м-н салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр&shy;лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта К. ы. ал&shy;гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук м-н тыгыз бай&shy;ланышта болгон, мис., байыркы грек мифте&shy;ринде, шамандардын ырым-жырымдарында[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
<b type='title'>КАРГЫШ ЫРЛАРЫ</b> оозеки чыгармачылыктагы <i>[[Каада-салт ырлары|каа&shy;да-салт ырлары]]нын</i> түрү. [[Кыргыз фольклору]]н&shy;да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу [[поэзия]]нын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр&shy;лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал&shy;гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай&shy;ланышта болгон (мисалы: [[Байыркы грек мифтери|байыркы грек мифте&shy;ри]]нде, шамандардын ырым-жырымдарында)  мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла башта­ган (мисалы, Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баш­тай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багыттал­ган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпика­лык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мисалы, «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Кур­манбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кез­дешет.


[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

04:51, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРГЫШ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каа­да-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорун­да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр­лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал­гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай­ланышта болгон (мисалы: байыркы грек мифте­ринде, шамандардын ырым-жырымдарында) мындай көрүнүш арбын. Кийинчерээк эки же андан көп сап ыр формасында айтыла башта­ган (мисалы, Муздаган таштай бол, мүлжүлгөн баш­тай бол! Ичкениң ирим болсун, жегениң желим болсун! Эчкинин сүтүн жутпай кал, энеңдин үнүн укпай кал! ж. б.). Айтылган каргыш багыттал­ган адамдын тагдырына терс таасири тийген учурлар болгон. Каргышты илгертен «касиеттүү» деп эсептелген адамдар айткан. Элдик эпика­лык чыгармалардын (эпостордун, легенда, миф, уламыштардын) тексттеринде (мисалы, «Манас» үчилтигинде, «Эр Төштүк», «Кожожаш», «Кур­манбек» эпосторунда) каргыш белгилүү бир окуянын андан ары өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал түрк тилдүү элдердин фольклорунда да кез­дешет.