КАРА-ТОО ФОСФОРИТ БАССЕЙНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРА-ТОО ФОСФОРИ&#769;Т БАССЕЙНИ</b> Казакстан&shy;дын Жамбыл ж-а Чымкент обл-нын аймагын&shy;да. Кара-Тоо кырка тоосунун түн.-чыгыш капта&shy;лында жайгашкан. Уз. 125 <i>км</i>, туурасы 25 <i>км</i> болуп, созулуп жаткан тилкеден турат. Кен би&shy;ринчи жолу 1936-ж. ачылып, 1937–39-ж. геол.
<b type='title'>КАРА-ТОО ФОСФОРИ&#769;Т БАССЕЙНИ</b> Казакстан&shy;дын Жамбыл ж-а Чымкент облустарынын аймагын&shy;да. Кара-Тоо кырка тоосунун түндүк-чыгыш капта&shy;лында жайгашкан. Узундугу 125 <i>км</i>, туурасы 25 <i>км</i> болуп, созулуп жаткан тилкеден турат. Кен би&shy;ринчи жолу 1936-жылы ачылып, 1937–39-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946-жылдан казылып алынат. Фосфорит катмарларынын калыңдыгы 80 <i>м</i>ге жетет. Кен кембрий мезги&shy;линин башында пайда болуп, Чолок-Тоо геологиялык свитасында орун алган. Фосфорит кени 30–35 <i>м</i> калыңдыктан турат. Фосфорит горизонту тек&shy;тоникалык жаракалар м-н туш келди жарылып, 45 участкага бөлүнөт. Булардын ар бири өз алдынча фосфорит кени болуп саналат. Фосфорит таза ж-а кремнийлүү, карбонаттуу түрлөрдөн турат. Эң таза ж-а жогорку сапаттагы карбонаттуу фос&shy;фориттерде P<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>25–30%ке жетет. Бассейнде фос&shy;фориттин жалпы баланстык запасы 15 млрд т га барабар. 1970-жылдан баштап Ак-Сай, Жаңы- Таш кендери ачык казылып алына баштаган. Чолок-Тоодо фосфорит штрек м-н жер астынан өндүрүлөт. Бассейндеги фосфорит кендеринин базасында (Кара-Тоо шаары) тоо-химиялык комбинат иш&shy;ке киргизилген. Комбинат фосфорит унун, ошондой эле <sup>P</sup>2<sup>O</sup>5 28%тен жогору байытылган концентрат&shy;ты, P<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>23%тен ашык товардык кенташты даярдайт. Таразда суперфосфат, Чымкентте фос&shy;фор заводу иштейт.
чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946-жылдан
казылып алынат. Фосфорит катмарларынын калыңдыгы 80 <i>м</i>ге жетет. Кен кембрий мезги&shy;линин башында пайда болуп, Чолок-Тоо геол.
свитасында орун алган. Фосфорит кени 30–35 <i>м</i>
калыңдыктан турат. Фосфорит горизонту тек&shy;тон. жаракалар м-н туш келди жарылып, 45 участкага бөлүнөт. Булардын ар бири өз алдынча фосфорит кени болуп саналат. Фосфорит таза ж-а кремнийлүү, карбонаттуу түрлөрдөн турат. Эң таза ж-а жогорку сапаттагы карбонаттуу фос&shy;фориттерде P<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>25–30%ке жетет. Бассейнде фос&shy;фориттин жалпы баланстык запасы 15 млрд т га
барабар. 1970-жылдан баштап Ак-Сай, Жаңы- Таш кендери ачык казылып алына баштаган.<br>
Чолок-Тоодо фосфорит штрек м-н жер астынан
өндүрүлөт. Бассейндеги фосфорит кендеринин базасында (Кара-Тоо ш.) тоо-хим. комбинат иш&shy;ке киргизилген. Комбинат фосфорит унун, о. Эле
<sup>P</sup>2<sup>O</sup>5
28%тен жогору байытылган концентрат&shy;ты, P<sub>2</sub>O<sub>5 </sub>23%тен ашык товардык кенташты даярдайт. Таразда суперфосфат, Чымкентте фос&shy;фор з-ду иштейт.
 


Ад.: Фосфориты Каратау. М., 1969.
Ад.: Фосфориты Каратау. М., 1969.
15 сап: 5 сап:
<p align='right'><i type='author'>Ч. Иманалиев.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ч. Иманалиев.</i></p>
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]
[[Категория:4-том, 101-153 бб]]

10:25, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КАРА-ТОО ФОСФОРИ́Т БАССЕЙНИ Казакстан­дын Жамбыл ж-а Чымкент облустарынын аймагын­да. Кара-Тоо кырка тоосунун түндүк-чыгыш капта­лында жайгашкан. Узундугу 125 км, туурасы 25 км болуп, созулуп жаткан тилкеден турат. Кен би­ринчи жолу 1936-жылы ачылып, 1937–39-жылдарда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946-жылдан казылып алынат. Фосфорит катмарларынын калыңдыгы 80 мге жетет. Кен кембрий мезги­линин башында пайда болуп, Чолок-Тоо геологиялык свитасында орун алган. Фосфорит кени 30–35 м калыңдыктан турат. Фосфорит горизонту тек­тоникалык жаракалар м-н туш келди жарылып, 45 участкага бөлүнөт. Булардын ар бири өз алдынча фосфорит кени болуп саналат. Фосфорит таза ж-а кремнийлүү, карбонаттуу түрлөрдөн турат. Эң таза ж-а жогорку сапаттагы карбонаттуу фос­фориттерде P2O5 25–30%ке жетет. Бассейнде фос­фориттин жалпы баланстык запасы 15 млрд т га барабар. 1970-жылдан баштап Ак-Сай, Жаңы- Таш кендери ачык казылып алына баштаган. Чолок-Тоодо фосфорит штрек м-н жер астынан өндүрүлөт. Бассейндеги фосфорит кендеринин базасында (Кара-Тоо шаары) тоо-химиялык комбинат иш­ке киргизилген. Комбинат фосфорит унун, ошондой эле P2O5 28%тен жогору байытылган концентрат­ты, P2O5 23%тен ашык товардык кенташты даярдайт. Таразда суперфосфат, Чымкентте фос­фор заводу иштейт.

Ад.: Фосфориты Каратау. М., 1969.

Ч. Иманалиев.