КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ</b> Курама | <b type='title'>КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ</b> Курама кырка тоосунун батыш капталынан орун алган. Сыр-Дарыя м-н Ангрен сууларынын өрөө­нүндө (Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын ай­магында) кездешкен ири полиметалл кени. Аян­ты 8 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Силур, пермь ж-а булардан ки­йинки мезгилдерде пайда болгон чөкмө тектер, жанар тоо чөкмөлөрү, каледондогу гранит инт­рузиялары жолугат. Булар герцин бүктөлүү цик­лине дуушар болуп, өзгөрүүлөргө учураган. Мында коргошун м-н цинктин 20дан ашык кени бар, ошондой эле жез, висмут, темир, флюорит кенде­ри да кездешет. Ири кендерге Алмалык, Калма­кыр, Калкан-Ата (түндүк тарабында), Текели, Ал­тын-Тапкан, Кан-Сай (батышында), Каниман­сур, Лашкерек (чыгыш жагында) ж. б. кирет. Алардын айрымдары б. з. 1-кылымында эле казылып алынганы белгилүү. Кенташта коргошун, цинк, жез, алтын, вольфрам, молибден металлдары кездешет. Коргошун м-н цинк кендери скарн түрүндө (Алтын-Тапкан, Кан-Сай, Чал-Ата, Таш-Булак), жанартоо чөкмөлөрүнүн өзгөрүүгө учураган зоналарында (Канимансур, Чукур- Жылга, Замбарак, Лашкерек), ошондой эле гранит интрузиясы (Гудас, Умбетти) м-н карбонаттар­да жолугат. Жез м-н коргошун гидротерм про­цессинен өзгөрүлгөн интрузиялардан (Алмалык, Калмакыр), висмут кенташы магнетиттүү скар­ндардан (Чокадамбулак), флюорит магмалык тектердеги тектоникалык жаракалардан (Наугарзан, Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен гер­цин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Ай­рым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иш­тейт. | ||
кырка тоосунун батыш капталынан орун | |||
Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен гер­цин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Ай­рым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иш­тейт. | |||
| 9 сап: | 5 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>З. Бейшеев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>З. Бейшеев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
07:23, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-МАЗАР КЕНТАШТУУ АЙМАГЫ Курама кырка тоосунун батыш капталынан орун алган. Сыр-Дарыя м-н Ангрен сууларынын өрөөнүндө (Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстандын аймагында) кездешкен ири полиметалл кени. Аянты 8 миң км2. Силур, пермь ж-а булардан кийинки мезгилдерде пайда болгон чөкмө тектер, жанар тоо чөкмөлөрү, каледондогу гранит интрузиялары жолугат. Булар герцин бүктөлүү циклине дуушар болуп, өзгөрүүлөргө учураган. Мында коргошун м-н цинктин 20дан ашык кени бар, ошондой эле жез, висмут, темир, флюорит кендери да кездешет. Ири кендерге Алмалык, Калмакыр, Калкан-Ата (түндүк тарабында), Текели, Алтын-Тапкан, Кан-Сай (батышында), Канимансур, Лашкерек (чыгыш жагында) ж. б. кирет. Алардын айрымдары б. з. 1-кылымында эле казылып алынганы белгилүү. Кенташта коргошун, цинк, жез, алтын, вольфрам, молибден металлдары кездешет. Коргошун м-н цинк кендери скарн түрүндө (Алтын-Тапкан, Кан-Сай, Чал-Ата, Таш-Булак), жанартоо чөкмөлөрүнүн өзгөрүүгө учураган зоналарында (Канимансур, Чукур- Жылга, Замбарак, Лашкерек), ошондой эле гранит интрузиясы (Гудас, Умбетти) м-н карбонаттарда жолугат. Жез м-н коргошун гидротерм процессинен өзгөрүлгөн интрузиялардан (Алмалык, Калмакыр), висмут кенташы магнетиттүү скарндардан (Чокадамбулак), флюорит магмалык тектердеги тектоникалык жаракалардан (Наугарзан, Чибаргата) орун алган. Кендер негизинен герцин металлогендүү мезгилинде пайда болгон. Айрым кендерде ири тоо-кен комбинаттары иштейт.
Ад.: Абдуллаев Х. М. и др. Основные черты магматизма и металлогении Чаткало-Кураминских гор. Таш., 1958.
З. Бейшеев.