ИСАЕВ Рустамбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИСАЕВ 6 to ИСАЕВ Рустамбек) |
(Айырма жок)
| |
09:18, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСАЕВ Рустамбек (26. 6. 1951-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал кыштагы) – юстициянын генерал-майору (1997), юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2001), прокуратуранын ардактуу кызматкери (2001). 1997-жылы КМУну бүткөн. 1968–70-жылдарда «Чүй өнөр жай курулуш» трестинде жумушчу, 1977–81-жылдарда Аламүдүн райондук прокуратурасында стажёр, тергөөчү, прокурордун орун

басары, 1981–88-жылдарда Калинин, Кант райондук прокуратураларында прокурор, 1988–91-жылдарда Кыргыз ССРинин башкы прокуратурасында бөлүм начальниги, 1991– 97-жылдарда Бишкек шаардык, Ысык-Көл облустук прокуратураларында прокурор, 1997– 2004-жылдарда КРдин башкы прокурорунун орун басары – аскер прокурору, 2004-жылдан Нарын облустук прокуратурасында прокурор.