КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА</b> – аткаруучулардын ча­кан тобу чакан жайда аткарууга арналган ас­паптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда бол­гондо (орто кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, XIX кылымдан чоң концерт залында ойноло баштаган. Камералык музыка XVI кылымдын аягына че­йин вокалдык жанр, XVII кылымдан аспаптык музы­ка деп аталган. XVI–XVIII кылымдарда ал термин жарандык музыканы да туюндурган. Азыркы камера­лык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квар­тет жана башкалар) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыгармачылыгында пайда болгон. XVIII кылымдын аягында, айрыкча XIX кылымда вокалдык камералык музыкага көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. Камералык музыка кыр­гыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. <i type='ref'>Кыргыз академиялык камералык хору.</i> | <b type='title'>КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА</b> – аткаруучулардын ча­кан тобу чакан жайда аткарууга арналган ас­паптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда бол­гондо (орто кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, XIX кылымдан чоң концерт залында ойноло баштаган. Камералык музыка XVI кылымдын аягына че­йин вокалдык жанр, XVII кылымдан аспаптык музы­ка деп аталган. XVI–XVIII кылымдарда ал термин жарандык музыканы да туюндурган. Азыркы камера­лык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квар­тет жана башкалар) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыгармачылыгында пайда болгон. XVIII кылымдын аягында, айрыкча XIX кылымда вокалдык камералык музыкага көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. Камералык музыка кыр­гыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. <i type='ref'>Кыргыз академиялык камералык хору.</i> | ||
[[Файл:Музыка.jpg|left|thumb|466x466px|Президенттик камералык оркестр, Бишкек шаары.]] | [[Файл:Музыка.jpg|left|thumb|466x466px|Президенттик камералык оркестр, Бишкек шаары.]] | ||
[[Файл:Камерн.jpg|center|thumb|372x372px|Камералык музыканын архиви. «Музыкалык жашоо» сынчыл-публицистикалык журналы.]] | [[Файл:Камерн.jpg|center|thumb|372x372px|Камералык музыканын архиви. «Музыкалык жашоо» сынчыл-публицистикалык журналы.]] | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
10:12, 28 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАМЕРАЛЫК МУЗЫКА – аткаруучулардын чакан тобу чакан жайда аткарууга арналган аспаптык же вокалдык чыгарма. Адеп пайда болгондо (орто кылымда) саналуу гана угуучулар үчүн аткарылса, XIX кылымдан чоң концерт залында ойноло баштаган. Камералык музыка XVI кылымдын аягына чейин вокалдык жанр, XVII кылымдан аспаптык музыка деп аталган. XVI–XVIII кылымдарда ал термин жарандык музыканы да туюндурган. Азыркы камералык-аспаптык ансамблдин түрлөрү (трио, квартет жана башкалар) веналык классикалык мектептин өкүлдөрүнүн (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. Бетховен) чыгармачылыгында пайда болгон. XVIII кылымдын аягында, айрыкча XIX кылымда вокалдык камералык музыкага көрүнүктүү орус композиторлору да кайрылган. Камералык музыка кыргыз профессионал музыкасында да кеңири өнүгүүдө, к. Кыргыз академиялык камералык хору.

