КАРА-БОГАЗ-ГОЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА́-БОГА́З-ГОЛ</b> (түркчө <i>богаз</i> – алкым, өт­көөл, <i>гол</i> – көл) – Каспий деңизинин чыгыш | <b type='title'>КАРА́-БОГА́З-ГОЛ</b> (түркчө <i>богаз</i> – алкым, өт­көөл, <i>гол</i> – көл) – Каспий деңизинин чыгыш | ||
жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын ба­тыш бөлүгүндө. Каспий деңизи м-н | жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын ба­тыш бөлүгүндө. Каспий деңизи м-н узундугу 9 <i>км</i>, те­реңдиги 3–4 <i>м</i> болгон кууш (800 <i>м</i>ге чейин) Ка­ра-Богаз кысыгы аркылуу туташат. 1930-жыл­дан Каспий деңизинин деңгээли төмөндөй баш­тагандыктан, булуң акырындап соолуй башта­ган. 1970-жылдардын аягында булуңга куйган суунун көлөмү 5–7 <i>км</i><sup>3</sup>ге чейин азайган, деңгээ­ли –32 <i>м</i>ге төмөндөгөн (аянты 12 миң <i>км</i><sup>2</sup>, суу­сунун көлөмү 20–22 <i>км</i><sup>3</sup>), туздуулугу 300‰ден ашып кеткен. 1980-жылы Каспийдин деңгээлин сак­тоо максатында кысык дамба м-н тосулуп, бу­луңга суу кирбей калган. Натыйжада булуң та­йыздап, соолуп, туздуулугу 380‰ден ашып, та­манындагы мирабилит сапырылып учуп, аймак­тын экологиясын буза баштаган. 1983-жылдын аягында аянты 0,2 <i>км</i><sup>2</sup>ге, көлөмү 0,2 <i>км</i><sup>3</sup>ге аза­йып, тереңдиги 0,1–0,3 <i>м</i>ге чейин тайыздаган. 1992-жылы булуңду калыбына келтирүү максатында тосмо толук алынып салынган; 1993–95-жылдарда Каспийден келген суунун кѳлѳму 37-52 <i>км3ди</i>
түзгѳн. 21-кылымдын башталышында суунун деңгээ­ли 27,5 м, аянты 18 миң <i>км2</i> болду. Булуңдун
суусу кѳп буулангандыктан, анын аянты сезон
б-ча кескин ѳзгѳрүп турат. Булуңдун айланасы­нын бѳтѳнчѳ табигый ландшафты ж-а анын
экологиялык абалы акырындап калыбына келүүдѳ. Кара-
Богаз-Голдун туз катмарларынан мирабилит казы­лып алынат. Булуң жээгиндеги Бекдаш шаар­часы сульфат ѳндүрүү ж-а иштеп чыгаруу бор­бору. | ||
суунун көлөмү 5–7 <i>км</i><sup>3</sup>ге чейин азайган, деңгээ­ли –32 <i>м</i>ге төмөндөгөн (аянты 12 миң <i>км</i><sup>2</sup>, суу­сунун көлөмү 20–22 <i>км</i><sup>3</sup>), туздуулугу 300‰ден | |||
ашып кеткен. 1980- | |||
1992- | |||
| 14 сап: | 7 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Ѳ. Бараталиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ѳ. Бараталиев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
05:37, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА́-БОГА́З-ГОЛ (түркчө богаз – алкым, өткөөл, гол – көл) – Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын батыш бөлүгүндө. Каспий деңизи м-н узундугу 9 км, тереңдиги 3–4 м болгон кууш (800 мге чейин) Кара-Богаз кысыгы аркылуу туташат. 1930-жылдан Каспий деңизинин деңгээли төмөндөй баштагандыктан, булуң акырындап соолуй баштаган. 1970-жылдардын аягында булуңга куйган суунун көлөмү 5–7 км3ге чейин азайган, деңгээли –32 мге төмөндөгөн (аянты 12 миң км2, суусунун көлөмү 20–22 км3), туздуулугу 300‰ден ашып кеткен. 1980-жылы Каспийдин деңгээлин сактоо максатында кысык дамба м-н тосулуп, булуңга суу кирбей калган. Натыйжада булуң тайыздап, соолуп, туздуулугу 380‰ден ашып, таманындагы мирабилит сапырылып учуп, аймактын экологиясын буза баштаган. 1983-жылдын аягында аянты 0,2 км2ге, көлөмү 0,2 км3ге азайып, тереңдиги 0,1–0,3 мге чейин тайыздаган. 1992-жылы булуңду калыбына келтирүү максатында тосмо толук алынып салынган; 1993–95-жылдарда Каспийден келген суунун кѳлѳму 37-52 км3ди түзгѳн. 21-кылымдын башталышында суунун деңгээли 27,5 м, аянты 18 миң км2 болду. Булуңдун суусу кѳп буулангандыктан, анын аянты сезон б-ча кескин ѳзгѳрүп турат. Булуңдун айланасынын бѳтѳнчѳ табигый ландшафты ж-а анын экологиялык абалы акырындап калыбына келүүдѳ. Кара- Богаз-Голдун туз катмарларынан мирабилит казылып алынат. Булуң жээгиндеги Бекдаш шаарчасы сульфат ѳндүрүү ж-а иштеп чыгаруу борбору.
Ад.: Косарев A. H., Костяной А. Г. Феномен Кара-
Богаз-Гола // Земля и Вселенная. 2005. № 1.
Ѳ. Бараталиев.