КАРА-БОГАЗ-ГОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА́-БОГА́З-ГОЛ (түркчө богаз – алкым, өт­көөл, гол – көл) – Каспий деңизинин чыгыш жээгиндеги булуң-лагуна. Түркмөнстандын ба­тыш бөлүгүндө. Каспий деңизи м-н узундугу 9 км, те­реңдиги 3–4 м болгон кууш (800 мге чейин) Ка­ра-Богаз кысыгы аркылуу туташат. 1930-жыл­дан Каспий деңизинин деңгээли төмөндөй баш­тагандыктан, булуң акырындап соолуй башта­ган. 1970-жылдардын аягында булуңга куйган суунун көлөмү 5–7 км3ге чейин азайган, деңгээ­ли –32 мге төмөндөгөн (аянты 12 миң км2, суу­сунун көлөмү 20–22 км3), туздуулугу 300‰ден ашып кеткен. 1980-жылы Каспийдин деңгээлин сак­тоо максатында кысык дамба м-н тосулуп, бу­луңга суу кирбей калган. Натыйжада булуң та­йыздап, соолуп, туздуулугу 380‰ден ашып, та­манындагы мирабилит сапырылып учуп, аймак­тын экологиясын буза баштаган. 1983-жылдын аягында аянты 0,2 км2ге, көлөмү 0,2 км3ге аза­йып, тереңдиги 0,1–0,3 мге чейин тайыздаган. 1992-жылы булуңду калыбына келтирүү максатында тосмо толук алынып салынган; 1993–95-жылдарда Каспийден келген суунун кѳлѳму 37-52 км3ди
түзгѳн. 21-кылымдын башталышында суунун деңгээ­ли 27,5 м, аянты 18 миң км2 болду. Булуңдун
суусу кѳп буулангандыктан, анын аянты сезон
б-ча кескин ѳзгѳрүп турат. Булуңдун айланасы­нын бѳтѳнчѳ табигый ландшафты ж-а анын
экологиялык абалы акырындап калыбына келүүдѳ. Кара-
Богаз-Голдун туз катмарларынан мирабилит казы­лып алынат. Булуң жээгиндеги Бекдаш шаар­часы сульфат ѳндүрүү ж-а иштеп чыгаруу бор­бору.


Ад.: Косарев A. H., Костяной А. Г. Феномен Кара-
Богаз-Гола // Земля и Вселенная. 2005. № 1.

Ѳ. Бараталиев.