КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР</b> , а л к а н­д а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р | <b type='title'>КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР</b> , а л к а н­ д а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р –молекуладагы көмүртек атомдору өз ара жөнөкөй, ал эми көмүртектин калган ва­ленттүүлүктөрү суутек атомдору м-н байланыш­кан органикалык бирикмелер. Каныккан углеводороддор чектүү углеводород­дор деген ат м-н да белгилүү. Алардын эң жөнөкөйү – метан CH<sub>4 </sub>(саз газы же кен газы). Каныккан углеводороддордун гомологиялык катарын метандын молекула­сындагы суутек атомдорун удаалаш метил ра­дикалы (–CH<sub>3</sub>) м-н орун алмаштыруудан алуу­га болот. Ар бир кийинки мүчөсүнөн CH<sub>2 </sub>– ме­тилен тобу м-н айырмаланган углеводороддор­дун катары гомологиялык катар, ал эми – CH<sub>2 </sub>тобу гомологиялык айырма деп аталат. Каныккан углеводороддордун жалпы фор­муласы C<sub>n</sub>H<sub>2n+2</sub>. (n – молекуладагы көмүртек саны). Каныккан углеводороддордун биринчи төрт мүчөсүнүн аты немис окумуштуусу Гофмандын сунушу боюнча метан – CH<sub>4</sub>, этан – C<sub>2</sub>H<sub>6</sub>, пропан – C<sub>3</sub>H<sub>8</sub>, бу­тан – C<sub>4</sub>H<sub>10 </sub>деп тривиалдык номенклатура боюнча аталган. Калган каныккан углеводороддорго кийинчерээк молекула­дагы көмүртектин санына жараша грек санда­ры пайдаланылган. Мисалы, C<sub>5</sub>H<sub>12 </sub>пентан (беш), C<sub>6</sub>H<sub>14 </sub>гексан (алты), C<sub>7</sub>H<sub>16 </sub>гептан (жети), C<sub>8</sub>H<sub>18 </sub>октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (то­гуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), пентаоктан (элүү) ж. б. у. с. Бардык эле чектүү углево­дороддордун аттары «ан» мүчѳсү м-н аяктаган­дыктан, алар жалпысынан алкандар деп ата­лып калган. Каныккан углеводороддор биринчи үч мүчѳсү бирден гана структуралыгк формулага ээ. 4-мүчѳсүнѳн баш­тап изомерия кубулушуна ээ. Молекуладагы кѳмүртек атомунун санынын ѳсүшү м-н структуралыгк изомерлердин саны да ѳсѳт. Мисалы, пен­тан C<sub>5</sub>H1<sub>2</sub> үч, гептан C<sub>7</sub>H<sub>16</sub> 9, октан C<sub>8</sub>H<sub>18</sub> 18, декан С<sub>10</sub>H<sub>22</sub> 75 изомерге ээ. Каныккан углеводороддордун 1-тѳрт мүчѳсү кадимки шартта газ, 5-мүчѳсүнѳн 17-мүчѳсүнѳ чейин суюктуктар, андан жогоркулары - катуу заттар. Каныккан углеводороддор сууда ѳтѳ аз, ал эми кѳпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Алар химиялык реагент­терге инерттүү болгондуктан, парафиндер деген ат берилген. Бирок ѳзгѳчѳ шартта каныккан углеводороддор эркин радикалдар м-н оңой эле реакцияга ки­рет. Реакция С-С же С-H байланыштарыныш үзүлүшү м-н жүрѳт. Эгер реакция С-Н байланы­шынын үзүлүшү м-н жүрүп, суутек атому башка атом же атом тобу м-н орун алмашса, <i>орун ал­машуу реакциясы,</i> ал эми С-С байланышынын үзүлүшү м-н жүрсѳ, ажыроо реакциясы деп ата­лат. Мисалы, метанды хлорлоодон - метилхлорид (СН3С1), метиленхлорид (СН<sub>2</sub>С<sub>12</sub>), хлороформ (CHCl<sub>3</sub>), нитрлѳѳдѳн нитроалкандар ж. б. алы­нат. Жогорку температурада ысытуудан каныккан углеводороддор майда бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнүп, чектүү ж-а чексиз уг­леводороддордун аралашмасын пайда кылат. Каныккан углеводороддордун молекулалык массасы канчалык чоң болсо, ошончолук жогорку температурага туруксуз келет: 2СН<sub>4</sub> ⇒ С<sub>2</sub>Н<sub>2</sub>+3Н<sub>2</sub>. Каныккан углеводороддор нефть, таш кѳмүр, ѳсүмдүктѳрдүн курамында кѳп. Синтез жолу м-н да алынат. Алар пластмассаларды, каучук­тарды, булаларды, кир кетирүүчү заттарды алуу­да баштапкы зат катары колдонулат. Ракета ж-а мотор отундарынын басымдуу бѳлүгүн түзѳт.<p align='right'><i type='author'>С. А. Адылов.</i></p> | ||
жөнөкөйү – метан CH<sub>4 </sub>(саз газы же кен газы). | |||
саны). | |||
метан – CH<sub>4</sub>, этан – C<sub>2</sub>H<sub>6</sub>, пропан – C<sub>3</sub>H<sub>8</sub>, бу­тан – C<sub>4</sub>H<sub>10 </sub>деп тривиалдык номенклатура | |||
аталган. Калган | |||
C<sub>6</sub>H<sub>14 </sub>гексан (алты), C<sub>7</sub>H<sub>16 </sub>гептан (жети), C<sub>8</sub>H<sub>18 </sub>октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (то­гуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), | |||
<p align='right'><i type='author'>С. А. Адылов.</i></p> | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
09:05, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНЫККАН УГЛЕВОДОРОДДОР , а л к а н д а р, ч е к т ү ү у г л е в о д о р о д д о р –молекуладагы көмүртек атомдору өз ара жөнөкөй, ал эми көмүртектин калган валенттүүлүктөрү суутек атомдору м-н байланышкан органикалык бирикмелер. Каныккан углеводороддор чектүү углеводороддор деген ат м-н да белгилүү. Алардын эң жөнөкөйү – метан CH4 (саз газы же кен газы). Каныккан углеводороддордун гомологиялык катарын метандын молекуласындагы суутек атомдорун удаалаш метил радикалы (–CH3) м-н орун алмаштыруудан алууга болот. Ар бир кийинки мүчөсүнөн CH2 – метилен тобу м-н айырмаланган углеводороддордун катары гомологиялык катар, ал эми – CH2 тобу гомологиялык айырма деп аталат. Каныккан углеводороддордун жалпы формуласы CnH2n+2. (n – молекуладагы көмүртек саны). Каныккан углеводороддордун биринчи төрт мүчөсүнүн аты немис окумуштуусу Гофмандын сунушу боюнча метан – CH4, этан – C2H6, пропан – C3H8, бутан – C4H10 деп тривиалдык номенклатура боюнча аталган. Калган каныккан углеводороддорго кийинчерээк молекуладагы көмүртектин санына жараша грек сандары пайдаланылган. Мисалы, C5H12 пентан (беш), C6H14 гексан (алты), C7H16 гептан (жети), C8H18 октан (сегиз); латын сандарынан – нонан (тогуз), декан (он), эйкозан (жыйырма), пентаоктан (элүү) ж. б. у. с. Бардык эле чектүү углеводороддордун аттары «ан» мүчѳсү м-н аяктагандыктан, алар жалпысынан алкандар деп аталып калган. Каныккан углеводороддор биринчи үч мүчѳсү бирден гана структуралыгк формулага ээ. 4-мүчѳсүнѳн баштап изомерия кубулушуна ээ. Молекуладагы кѳмүртек атомунун санынын ѳсүшү м-н структуралыгк изомерлердин саны да ѳсѳт. Мисалы, пентан C5H12 үч, гептан C7H16 9, октан C8H18 18, декан С10H22 75 изомерге ээ. Каныккан углеводороддордун 1-тѳрт мүчѳсү кадимки шартта газ, 5-мүчѳсүнѳн 17-мүчѳсүнѳ чейин суюктуктар, андан жогоркулары - катуу заттар. Каныккан углеводороддор сууда ѳтѳ аз, ал эми кѳпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Алар химиялык реагенттерге инерттүү болгондуктан, парафиндер деген ат берилген. Бирок ѳзгѳчѳ шартта каныккан углеводороддор эркин радикалдар м-н оңой эле реакцияга кирет. Реакция С-С же С-H байланыштарыныш үзүлүшү м-н жүрѳт. Эгер реакция С-Н байланышынын үзүлүшү м-н жүрүп, суутек атому башка атом же атом тобу м-н орун алмашса, орун алмашуу реакциясы, ал эми С-С байланышынын үзүлүшү м-н жүрсѳ, ажыроо реакциясы деп аталат. Мисалы, метанды хлорлоодон - метилхлорид (СН3С1), метиленхлорид (СН2С12), хлороформ (CHCl3), нитрлѳѳдѳн нитроалкандар ж. б. алынат. Жогорку температурада ысытуудан каныккан углеводороддор майда бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнүп, чектүү ж-а чексиз углеводороддордун аралашмасын пайда кылат. Каныккан углеводороддордун молекулалык массасы канчалык чоң болсо, ошончолук жогорку температурага туруксуз келет: 2СН4 ⇒ С2Н2+3Н2. Каныккан углеводороддор нефть, таш кѳмүр, ѳсүмдүктѳрдүн курамында кѳп. Синтез жолу м-н да алынат. Алар пластмассаларды, каучуктарды, булаларды, кир кетирүүчү заттарды алууда баштапкы зат катары колдонулат. Ракета ж-а мотор отундарынын басымдуу бѳлүгүн түзѳт.
С. А. Адылов.