КАН-ТОО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАН-ТОО</b> , К а н - Т е ң и р – | <b type='title'>КАН-ТОО</b> , К а н - Т е ң и р – Борбордук Теңир-Тоодо­гу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 <i>км</i> түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 <i>м</i>. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түндүк жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра­мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал­ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк ж-а Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыз­дар Кан-Тоо, казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-жылдарда Оренбургда түзүлгөн карталарда | ||
чокусунан 18 <i>км</i> | |||
Чоку шуштугуй. Капталдары тик ( | |||
күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мра­мордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н каптал­ган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр | |||
[[File:КАН-ТОО26.png | thumb | Кан-Тоо чокусу.]] | [[File:КАН-ТОО26.png | thumb | Кан-Тоо чокусу.]] | ||
ал | ал Кан-Тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-жылы Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Ал­маши Хан-Теңир чокусунун жергиликтүү аты К а н - Т о о деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чык­кан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү­шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур­заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.<br> | ||
чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген тү­шүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мур­заев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.<br> | Чокуга алгач 1931-жылы 10-сентябрда М. Т. Погре­бецкий жетекчилик кылган украиналык альпи­нисттер чыккан. Ошондой эле к. <i>Кан-Теңир тоо тоо­м</i>у. <p align='right'><i type='author'>А. Осмонов.</i> | ||
Чокуга алгач 1931- | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
10:22, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАН-ТОО , К а н - Т е ң и р – Борбордук Теңир-Тоодогу бийик чоку. Кан-Теңир тоо тоомунда, Жеңиш чокусунан 18 км түндүк тарапта. Бийиктиги 6995 м. Чоку шуштугуй. Капталдары тик (түштүк боору 60°ка, түндүк жагы 40–45°ка чейин). Төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мрамордон турат. Дээрлик кар-мөңгү м-н капталган, өтө тик капталдарында гана кар токтобой, тоо тектер ачылып жатат. Капталдарындагы мөңгүлөр Түштүк ж-а Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүнө кошулат. Чоку жергиликтүү элге эчактан белгилүү. Алыстан көрүнгөн кар-мөңгүлүү чокуну кыргыздар Кан-Тоо, казактар Олуя-Чоку деп аташкан. 1755-, 1780-жылдарда Оренбургда түзүлгөн карталарда

ал Кан-Тоо («гора Хан») деп аталган. 1900-жылы Сары- Жаз аймагын изилдеген венгр илимпозу Д. Алмаши Хан-Теңир чокусунун жергиликтүү аты К а н - Т о о деп белгилеген. Адабияттарда ороним кан, канга окшош кызыл деген мааниден келип чыккан деген пикирлер айтылат. Чындыгында анын аты тоонун (чокунун) өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун каны» (падышасы) деген түшүнүктү туюндурарын көп илимпоздор (Мурзаев Э. М., Өмүрзаков С. Ө. ж. б.) далилдеген.
Чокуга алгач 1931-жылы 10-сентябрда М. Т. Погребецкий жетекчилик кылган украиналык альпинисттер чыккан. Ошондой эле к. Кан-Теңир тоо тоому.
А. Осмонов.