КАНБЕРРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАНБЕ́РРА</b> – Австралиянын борбору (1927-жыл­дан) шаар. Австралиянын | <b type='title'>КАНБЕ́РРА</b> – Австралиянын борбору (1927-жыл­дан) шаар. Австралиянын түштүк-чыгышында, дөңсөөлүү түздүктө, деңиз деңгээлинен 600 <i>м</i> бийикте, Берли-Гриффин жасалма көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 466,5 миң (2023). Канберра шаар айланасы менен өз алдынча административдик бирдикти түзөт.<br>Өлкөнүн илимий, ишкер жана маданий борбору. Темир жолу аркылуу Сидней шаары менен туташат. Шаар америкалык архитекторлор У. Б. жана М. М. Гриффиндердин долбоору боюнча (эл аралык конкурста жеңген) 1913-жыл­дан курула баштаган. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Коомдук, мамлекеттик жана саясий уюм­дардын штаб-квартиралары, улуттук ири банк­тардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Тамак-аш, жеңил, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер академиясы, улуттук CSIRO агентчилигинин штаб-кварти­расы, Австралия аборигендерин жана Торрес кы­сыгындагы аралдардын жашоочуларын изил­дөөчү институт, университеттер, китепканалар, улуттук галерея, илим жана техника улуттук борбору, му­зейлер | ||
Өлкөнүн | |||
чөйрөсү түзөт. Коомдук, | |||
[[File:КАНБЕРРА13.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КАНБЕРРА13.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
(анын ичинде динозаврлар), театрлар (анын ичинде опе­ра), Австралия аскер мемориалы жана башкалар бар. Бар­дык курулуштары неоклассика стилинде салы­нып, 11–12 кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу са­лынган. Ботаникалык бак, зоопарк жана аквариум уюш­турулган. Жыл сайын улуттук фольклор жана гүлдөр фестивалдары өткөрүлүп турат. | |||
[[Категория:4-том, 51-100 бб]] | [[Категория:4-том, 51-100 бб]] | ||
11:07, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАНБЕ́РРА – Австралиянын борбору (1927-жылдан) шаар. Австралиянын түштүк-чыгышында, дөңсөөлүү түздүктө, деңиз деңгээлинен 600 м бийикте, Берли-Гриффин жасалма көлүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 466,5 миң (2023). Канберра шаар айланасы менен өз алдынча административдик бирдикти түзөт.
Өлкөнүн илимий, ишкер жана маданий борбору. Темир жолу аркылуу Сидней шаары менен туташат. Шаар америкалык архитекторлор У. Б. жана М. М. Гриффиндердин долбоору боюнча (эл аралык конкурста жеңген) 1913-жылдан курула баштаган. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Коомдук, мамлекеттик жана саясий уюмдардын штаб-квартиралары, улуттук ири банктардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Тамак-аш, жеңил, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Илимдер академиясы, улуттук CSIRO агентчилигинин штаб-квартирасы, Австралия аборигендерин жана Торрес кысыгындагы аралдардын жашоочуларын изилдөөчү институт, университеттер, китепканалар, улуттук галерея, илим жана техника улуттук борбору, музейлер

(анын ичинде динозаврлар), театрлар (анын ичинде опера), Австралия аскер мемориалы жана башкалар бар. Бардык курулуштары неоклассика стилинде салынып, 11–12 кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган. Ботаникалык бак, зоопарк жана аквариум уюштурулган. Жыл сайын улуттук фольклор жана гүлдөр фестивалдары өткөрүлүп турат.