ИОНДУК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИОНДУК БАЙЛАНЫШ</b> | <b type='title'>ИОНДУК БАЙЛАНЫШ,</b> э л е к т р-в а л е н т­ т и к б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган ион­дордун электр-статикалык өз ара аракеттенүү­сүнө негизделген. Мындай байланыш жегич ме­таллдардын галогениддеринде даана байка­лат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик систе­масында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl<sub>3</sub>тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун те­герегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин зарядда­рынын күчтүк талааларын толук канааттандыр­байт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттени­шет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздө­лөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы за­ряддуу иондордун максималдуу санынын курчоо­сунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайга­шышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эрит­кичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:41, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИОНДУК БАЙЛАНЫШ, э л е к т р-в а л е н т т и к б а й л а н ы ш – химиялык байланыштардын бир түрү. Ал карама-каршы заряддалган иондордун электр-статикалык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Мындай байланыш жегич металлдардын галогениддеринде даана байкалат, мисалы, КF. Элементтердин мезгилдик системасында топтор жакындаган сайын иондук байланыштын күчү азаят. Мисалы, NaClго караганда АlCl3тө иондук байланыштын күчү аз. Иондук байланыштын мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени ар бир иондун тегерегинде багыттар боюнча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки ион өз ара аракеттенишсе, алар бири биринин заряддарынын күчтүк талааларын толук канааттандырбайт, себеби ар бир ион башка багыттар боюнча да карама-каршы заряддуу иондор м-н аракеттенишет. Демек, иондук байланыш каныкпастыгы м-н мүнөздөлөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы заряддуу иондордун максималдуу санынын курчоосунда болот. Мисалы, NaCl кристаллында натрий ионунун тегерегинде хлордун алты иону жайгашышат. Иондук байланыштагы бирикмелер уюлдуу эриткичтерде жакшы эрийт, диссоциацияланат, электр агымын жакшы өткөрүп, электролизденет.