ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАР-ДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ to ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ) |
(Айырма жок)
| |
09:52, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕHЧИКТЕГИ ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР ЖАНА ТЕЙЛӨӨ БЕЛГИЛЕРИ – өзүнчө бир өндүрүп чыгаруучунун товарын же көрсөткөн кызматын экинчи өндүрүп чыгаруучунун бир тектүү товарынан ж-а көрсөткөн кызматынан айырмалоо үчүн кызмат кылган белгилер. Товардык белги өзүнчө өзгөчөлүккө ж-а айрмалоочу мүнөзгө ээ болушу зарыл. Товардык белгилердин түрлөрү: сөздөрдөн турган белгилер – алар сөз, тамгалардын айкалышы, сүйлөм, ошондой эле алардын айкалыштары түрүндө болот; сүрөт белгилери – алар жандуу нерселердин, буюмдардын, жаратылыш ж-а башка объектилердин сүрөттөрү, ошондой эле ар кандай формадагы фигуралар, композициялар, сызыктар, тактар, тегиздиктеги фигуралар; көлөмдүү белгилер – алар үч өлчөмдүү объектилер, фигуралар, сызыктар м-н фигуралардын комбинациялары; комбинацияланган белгилер – алар ар башка элементтердин, сүрөттөрдүн, сөздөрдөн турган белгилердин, көлөмдүү ж. б. белгилердин комбинациясы түрүндө болот.