КАМЧАТКА (дарыя): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАМЧА&#769;ТКА</b> (башатында – Көлдүү Камчатка) –
<b type='title'>КАМЧА&#769;ТКА</b> (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка облусунда. Узундугу 758 <i>км</i>, алабынын аянты 55,9 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борбордук Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булу&shy;ңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан ку&shy;ралат. Жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 921 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек.</i> Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачы&shy;лат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Ча&shy;тынан 486 <i>км</i> аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Ба&shy;лык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.
Россиядагы дарыя, Камчатка обл-нда. Уз. 758 <i>км</i>, алабынын аянты 55,9 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борб. Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булу&shy;ңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан ку&shy;ралат. Жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында
921 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек.</i> Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачы&shy;лат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Ча&shy;тынан 486 <i>км</i> аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Ба&shy;лык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]
[[Категория:4-том, 1-50 бб]]

09:03, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАМЧА́ТКА (башатында – Көлдүү Камчатка) – Россиядагы дарыя, Камчатка облусунда. Узундугу 758 км, алабынын аянты 55,9 миң км2. Ортолук кырка тоосунан башталат да, Борбордук Камчатка ойдуңу аркылуу агып, Тынч океандын Камчатка булу­ңуна куят. Жер астындагы (35%), кар (34%), мөңгү (28%) ж-а жамгыр (3%) сууларынан ку­ралат. Жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 921 м3/сек. Ноябрда тоңуп, апрель–майда ачы­лат; ысык булак чыккан жерлери тоңбойт. Ча­тынан 486 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Лосось балыгы урук чачуучу жер. Ба­лык кармалат. Чатында Усть-Камчатск порту жайгашкан.