КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ</b> – ар кандай | <b type='title'>КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ</b> – ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материал­дар. Баштапкы калыптоо материалдары жана калыптоо аралашма­сы болуп айырмаланат. Баштапкы калыптоо материалдары калып­тоо жана стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. Калыптоо материалдары толтуруучу, байланышты­руучу жана жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруу­чу калыптоо материалдарына өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мисалы, хромит) жана атайын материалдар (мисалы,чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц кумунун негизин өрткө чыдамдуу (1710°С) жана ка­туулугу 5,5 – 7 (Моос шкаласы боюнча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о калыптоо материалдары деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу жана майдасы чоюн жана болот куюлмаларында, өтө майдалары – жука чоюн жана болот, ошондой эле түстүү аралашма­ларды куюуда колдонулат. Кошумча материал­дар менен куйма кошулманын сапатын жогору­латып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат. | ||
формадагы бир жолу колдонулуучу материал­дар. Баштапкы | |||
чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц | |||
түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о | |||
өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу | |||
жука чоюн | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
07:21, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛЫПТОО МАТЕРИАЛДАРЫ – ар кандай формадагы бир жолу колдонулуучу материалдар. Баштапкы калыптоо материалдары жана калыптоо аралашмасы болуп айырмаланат. Баштапкы калыптоо материалдары калыптоо жана стержендик аралашмаларды даярдоодо колдонулат. Калыптоо материалдары толтуруучу, байланыштыруучу жана жардамчы болуп бөлүнөт. Толтуруучу калыптоо материалдарына өрткө туруштук берүүчү кварц куму (мисалы, хромит) жана атайын материалдар (мисалы,чоюн бытыра) кирет. Кеңири таралган кварц кумунун негизин өрткө чыдамдуу (1710°С) жана катуулугу 5,5 – 7 (Моос шкаласы боюнча) кварц (SiO2) түзөт. Курамынын 50%и чоподон турса, ч о п о калыптоо материалдары деп аталат. Бүртүкчөлөрүнүн өлчөмүнө жараша чополуу кум атайын электен өткөрүлүп, өзүнчө топторго бөлүнөт. Өтө кесектери чоюн куюлмаларында, орточосу жана майдасы чоюн жана болот куюлмаларында, өтө майдалары – жука чоюн жана болот, ошондой эле түстүү аралашмаларды куюуда колдонулат. Кошумча материалдар менен куйма кошулманын сапатын жогорулатып, легирленген, отко туруктуу жабдуулар алынат.