КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ</b> – түрдүү социалдык, | <b type='title'>КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ</b> – түрдүү социалдык, экономикалык, тарыхый ж-а табигый шарттарда калк­тын ж-а калктуу жерлердин азыркы курамын ж-а өнүгүүсүнүн закон ченемин, аймак боюнча өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. Экономикалык геогра­фиянын бир тармагы. Калк географиясы эки негизги багыт­ка ажыратылат: 1) өз алдынча өлкөлөрдү ж-а анын айрым бөлүктөрүндөгү (Кыргызстанда – облус, район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды ж-а калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачы­лыктары аркылуу калктын отурукташуу тип­терин ж-а формаларын изилдөө; мында байкоо­нун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири м-н ты­гыз байланышта. Калк географиясы төмөнкүлөрдү иликтейт: калктын өндүрүштөгү аймактык айырмачылык­тарын; анын демографиялык структурасын; социалдык ж-а этностук курамын; эмгек ресурстарын ж-а аны пайдаланууну; миграциянын ургаалдуулу­гун, анын курамын ж-а багытын; калктын жыштыгын ж-а аймакка жайгаштыруу тибин, жашоо ыңгайындагы аймактык айырмачылык­тарын окутат. Бул аркылуу калк географиясынын башка тар­мактары келип чыкты: эмгек ресурстарынын географиясы, миграция географиясы, калктуу пункт географиясы ж. б. Калк географиясы демография, этно­графия, социология, экономика ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта. | ||
өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. | |||
анын айрым бөлүктөрүндөгү ( | |||
район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды ж-а калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачы­лыктары аркылуу калктын отурукташуу тип­терин ж-а формаларын изилдөө; мында байкоо­нун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири м-н ты­гыз байланышта. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
08:38, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛК ГЕОГРАФИЯСЫ – түрдүү социалдык, экономикалык, тарыхый ж-а табигый шарттарда калктын ж-а калктуу жерлердин азыркы курамын ж-а өнүгүүсүнүн закон ченемин, аймак боюнча өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү илим. Экономикалык географиянын бир тармагы. Калк географиясы эки негизги багытка ажыратылат: 1) өз алдынча өлкөлөрдү ж-а анын айрым бөлүктөрүндөгү (Кыргызстанда – облус, район, айыл округу, айыл калкы) калкты изилдөө; 2) тармактарды ж-а калк жайгашкан аймактык системаларды региондук айырмачылыктары аркылуу калктын отурукташуу типтерин ж-а формаларын изилдөө; мында байкоонун бирдиги болуп конуш (кыштак) эсептелет. Жогорудагы эки багыт тең бири-бири м-н тыгыз байланышта. Калк географиясы төмөнкүлөрдү иликтейт: калктын өндүрүштөгү аймактык айырмачылыктарын; анын демографиялык структурасын; социалдык ж-а этностук курамын; эмгек ресурстарын ж-а аны пайдаланууну; миграциянын ургаалдуулугун, анын курамын ж-а багытын; калктын жыштыгын ж-а аймакка жайгаштыруу тибин, жашоо ыңгайындагы аймактык айырмачылыктарын окутат. Бул аркылуу калк географиясынын башка тармактары келип чыкты: эмгек ресурстарынын географиясы, миграция географиясы, калктуу пункт географиясы ж. б. Калк географиясы демография, этнография, социология, экономика ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта.