ИОАНН СКОТ ЭРИУГЕНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА</b> (Iohannes Scotus Eriugena) (810- | <b type='title'>ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА</b> (Iohannes Scotus Eriugena) (810-жыл чен – 877-жыл чен) – адепки схо­ластиканын өкүлү, теги-ирланд. 851-жылы «Ку­дайдын жазмышы тууралуу» теологиялык эмгек жа­зып, анда Готшалктын «кош жазмыш» жөнүндөгү (бирөөнү – сактаган, башкасын – айыптаган) окуусун жокко чыгарган. Анын ырастоосунда: Кудай жакшыны гана ойлойт, жакшылыкты гана жаратат. Ал эми жамандык болсо Кудай­дын ак жаратканынын баркын кетирүү; күнөө ж-а өлүм адамдын өзүн өзү Кудайдан алыста­туусу, ал эми жазалануу – «өзүн өзүн өлтүрүүчү» күнөөнүн табигый ж-а айныксыз натыйжасы. Жамандык Кудай тарабынан алдын ала анык­талган эмес. Жамандык – адамдын ыйманынын ж-а пейилинин бузулгандыгынан улам жарал­ган нерсе. Бул эмгегинде адам тагдыры Кудай тарабынан алдын ала аныкталса, анда адам­дын өмүрүндө кездешүүчү турмуштук кыйын­чылыктар да алдын ала аныкталганбы деген суроого жооп издеген. Иоанн Скот Эриугена схоластика фи­лософиясындагы башкы маселе болуп саналган универсалийлер тууралуу талаш-тартышка чы­йыр салган. Философиялык ой жүгүртүүнүн «схоласти­ка» деп аталган жаңы методун түзгөн да, фило­софиянын тарыхында «схоластиканын атасы» катары калган. Иоанн Скот Эриугена үчүн эң башкы аброй­луу булак Библия болуп, «Схоластиканын ата­сы» аны «чындык менен акыйкаттын жашы­руун сыры катылган кенч» деп атаган. Схолас­тика үстөмдүк кылган төрт кылым бою хрис­тиан философтору Иоанн Скот Эриугенанын «акылдын жар­дамы менен Кудайдын керемет сырларын ач» деген керээзин кылдаттык м-н аткарышкан. «Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эм­гегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы бо­луп саналат деген принципке таянуу м-н, та­биятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын философиясына пантеисттик мүнөз берген. Чиркөө тара­бынан анын чыгармалары күнөөлөнүп, 1225-жылы толугу м-н четке кагылган, анын «Табияттын бөлүнүшү тууралуу» эмгеги 1684-жылы «тыюу салын­ган китептердин» катарына киргизилген. | ||
суроого жооп издеген. | |||
«Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эм­гегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы бо­луп саналат деген принципке таянуу м-н, та­биятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:31, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА (Iohannes Scotus Eriugena) (810-жыл чен – 877-жыл чен) – адепки схоластиканын өкүлү, теги-ирланд. 851-жылы «Кудайдын жазмышы тууралуу» теологиялык эмгек жазып, анда Готшалктын «кош жазмыш» жөнүндөгү (бирөөнү – сактаган, башкасын – айыптаган) окуусун жокко чыгарган. Анын ырастоосунда: Кудай жакшыны гана ойлойт, жакшылыкты гана жаратат. Ал эми жамандык болсо Кудайдын ак жаратканынын баркын кетирүү; күнөө ж-а өлүм адамдын өзүн өзү Кудайдан алыстатуусу, ал эми жазалануу – «өзүн өзүн өлтүрүүчү» күнөөнүн табигый ж-а айныксыз натыйжасы. Жамандык Кудай тарабынан алдын ала аныкталган эмес. Жамандык – адамдын ыйманынын ж-а пейилинин бузулгандыгынан улам жаралган нерсе. Бул эмгегинде адам тагдыры Кудай тарабынан алдын ала аныкталса, анда адамдын өмүрүндө кездешүүчү турмуштук кыйынчылыктар да алдын ала аныкталганбы деген суроого жооп издеген. Иоанн Скот Эриугена схоластика философиясындагы башкы маселе болуп саналган универсалийлер тууралуу талаш-тартышка чыйыр салган. Философиялык ой жүгүртүүнүн «схоластика» деп аталган жаңы методун түзгөн да, философиянын тарыхында «схоластиканын атасы» катары калган. Иоанн Скот Эриугена үчүн эң башкы абройлуу булак Библия болуп, «Схоластиканын атасы» аны «чындык менен акыйкаттын жашыруун сыры катылган кенч» деп атаган. Схоластика үстөмдүк кылган төрт кылым бою христиан философтору Иоанн Скот Эриугенанын «акылдын жардамы менен Кудайдын керемет сырларын ач» деген керээзин кылдаттык м-н аткарышкан. «Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эмгегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы болуп саналат деген принципке таянуу м-н, табиятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын философиясына пантеисттик мүнөз берген. Чиркөө тарабынан анын чыгармалары күнөөлөнүп, 1225-жылы толугу м-н четке кагылган, анын «Табияттын бөлүнүшү тууралуу» эмгеги 1684-жылы «тыюу салынган китептердин» катарына киргизилген.