ИОАНН СКОТ ЭРИУГЕНА
ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА (Iohannes Scotus Eriugena) (810-жыл чен – 877-жыл чен) – адепки схоластиканын өкүлү, теги-ирланд. 851-жылы «Кудайдын жазмышы тууралуу» теологиялык эмгек жазып, анда Готшалктын «кош жазмыш» жөнүндөгү (бирөөнү – сактаган, башкасын – айыптаган) окуусун жокко чыгарган. Анын ырастоосунда: Кудай жакшыны гана ойлойт, жакшылыкты гана жаратат. Ал эми жамандык болсо Кудайдын ак жаратканынын баркын кетирүү; күнөө ж-а өлүм адамдын өзүн өзү Кудайдан алыстатуусу, ал эми жазалануу – «өзүн өзүн өлтүрүүчү» күнөөнүн табигый ж-а айныксыз натыйжасы. Жамандык Кудай тарабынан алдын ала аныкталган эмес. Жамандык – адамдын ыйманынын ж-а пейилинин бузулгандыгынан улам жаралган нерсе. Бул эмгегинде адам тагдыры Кудай тарабынан алдын ала аныкталса, анда адамдын өмүрүндө кездешүүчү турмуштук кыйынчылыктар да алдын ала аныкталганбы деген суроого жооп издеген. Иоанн Скот Эриугена схоластика философиясындагы башкы маселе болуп саналган универсалийлер тууралуу талаш-тартышка чыйыр салган. Философиялык ой жүгүртүүнүн «схоластика» деп аталган жаңы методун түзгөн да, философиянын тарыхында «схоластиканын атасы» катары калган. Иоанн Скот Эриугена үчүн эң башкы абройлуу булак Библия болуп, «Схоластиканын атасы» аны «чындык менен акыйкаттын жашыруун сыры катылган кенч» деп атаган. Схоластика үстөмдүк кылган төрт кылым бою христиан философтору Иоанн Скот Эриугенанын «акылдын жардамы менен Кудайдын керемет сырларын ач» деген керээзин кылдаттык м-н аткарышкан. «Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эмгегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы болуп саналат деген принципке таянуу м-н, табиятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын философиясына пантеисттик мүнөз берген. Чиркөө тарабынан анын чыгармалары күнөөлөнүп, 1225-жылы толугу м-н четке кагылган, анын «Табияттын бөлүнүшү тууралуу» эмгеги 1684-жылы «тыюу салынган китептердин» катарына киргизилген.