ИНТЕРПЕЛЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир кон­креттүү | <b type='title'>ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир кон­креттүү мамлекеттик маселелер боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылган депутаттык суроо-талап. Интерпелляция көбүнчө коомдо олуттуу тынч­сыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт боюнча жасалат. Ошондуктан интерпелляция жалпы талаш-тар­тышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн канааттандырганын же канааттандырбаганын чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тар­тыш министрге же өкмөттүн бардык курамына ишенбөө жөнүндөгү суроону киргизүү м-н аякта­лат. Интерпелляция маалымат алуунун гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөл­дөөнүн күчтүү формасы болуп саналат. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:52, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНТЕРПЕЛЛЯ́ЦИЯ (лат. interpellatio – «сөздү бөлүү», «сотко арыз берүү») – өлкөнүн тышкы же ички саясаты туурасында же кайсы бир конкреттүү мамлекеттик маселелер боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылып, өкмөткө кайрылган депутаттык суроо-талап. Интерпелляция көбүнчө коомдо олуттуу тынчсыздандырууну туудурган кандайдыр бир факт боюнча жасалат. Ошондуктан интерпелляция жалпы талаш-тартышты, андан соң саясий санкцияны: министр берген түшүндүрмөнүн канааттандырганын же канааттандырбаганын чагылдырган добуш берүүнү туудурат. Кээ бир учурларда талаш-тартыш министрге же өкмөттүн бардык курамына ишенбөө жөнүндөгү суроону киргизүү м-н аякталат. Интерпелляция маалымат алуунун гана күчтүү ыкмасы болбостон, депутаттар тарабынан тике көзөмөлдөөнүн күчтүү формасы болуп саналат.