ИНТЕРМЕДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНТЕРМЕ&#769;ДИЯ</b> (лат. intermedius – ортосунда,
<b type='title'>ИНТЕРМЕ&#769;ДИЯ</b> (лат. intermedius – ортосунда, арада жүрүүчү) – 1) драма оюнунда эки көшө&shy;гөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). Орто кы&shy;лым театрларында диний мазмундагы пьесалар&shy;ды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. Интермедия Испаниянын элдик театрында п а с о с деген ат м-н өз алдын&shy;ча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, ай&shy;рыкча М. Сервантестин чыгармачылыгында жогорку деңгээлге жеткен. Интермедияны Англияда «интерлю&shy;дия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда интермедия 16-кылымда мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19–20-кылымдарда ыр, бий м-н аткарыл&shy;ган өз алдынча сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-кылымдан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн музыкалык театрларына кирген. Спек&shy;таклдеги интермедия акырындык м-н өз алдынча сю&shy;жеттүү музыкалык-сахналык чыгарма касиетин алган. 17–18-кылымдарда интермедия Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде интермедия  эстрадалык ж. б. концерттер&shy;де да аткарылат. Кыргыз адабиятында Р. Шүкүр&shy;бековдун интермедиялык чыгармалары кеңири белгилүү; 2) фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралы&shy;гындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.
арада жүрүүчү) – 1) драма оюнунда эки көшө&shy;гөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). О. кы&shy;лым театрларында диний мазмундагы пьесалар&shy;ды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. И. Испаниянын элдик театрында п а с о с деген ат м-н өз алдын&shy;ча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, ай&shy;рыкча М. Сервантестин чыг-лыгында жогорку деңгээлге жеткен. И-ны Англияда «интерлю&shy;дия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда И. 16-к-да мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19–20-к-да ыр, бий м-н аткарыл&shy;ган өз алдында сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-к-дан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн муз. театрларына кирген. Спек&shy;таклдеги И. акырындык м-н өз алдынча сю&shy;жеттүү муз.-сахналык чыгарма касиетин алган. 17–18-к-да И. Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде И. эстрадалык ж. б. концерттер&shy;де да аткарылат. Кыргыз ад-тында Р. Шүкүр&shy;бековдун И-лык чыгармалары кеңири белгилүү;
2) фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралы&shy;гындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

03:37, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНТЕРМЕ́ДИЯ (лат. intermedius – ортосунда, арада жүрүүчү) – 1) драма оюнунда эки көшө­гөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). Орто кы­лым театрларында диний мазмундагы пьесалар­ды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. Интермедия Испаниянын элдик театрында п а с о с деген ат м-н өз алдын­ча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, ай­рыкча М. Сервантестин чыгармачылыгында жогорку деңгээлге жеткен. Интермедияны Англияда «интерлю­дия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда интермедия 16-кылымда мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19–20-кылымдарда ыр, бий м-н аткарыл­ган өз алдынча сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-кылымдан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн музыкалык театрларына кирген. Спек­таклдеги интермедия акырындык м-н өз алдынча сю­жеттүү музыкалык-сахналык чыгарма касиетин алган. 17–18-кылымдарда интермедия Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде интермедия эстрадалык ж. б. концерттер­де да аткарылат. Кыргыз адабиятында Р. Шүкүр­бековдун интермедиялык чыгармалары кеңири белгилүү; 2) фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралы­гындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.