ИНТЕРМЕДИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРМЕ́ДИЯ (лат. intermedius – ортосунда, арада жүрүүчү) – 1) драма оюнунда эки көшө­гөнүн аралыгындагы тыныгууда аткарылуучу күлкүлүү чакан пьеса же көрүнүш (пантомима, бий, вокалдык же аспаптык чыгарма). Орто кы­лым театрларында диний мазмундагы пьесалар­ды көрсөтүүдөн пайда болуп, айрыкча мектеп театрларында кеңири тараган. Интермедия Испаниянын элдик театрында п а с о с деген ат м-н өз алдын­ча жанр катары өнүгүп, Лопе дэ Руэддин, ай­рыкча М. Сервантестин чыгармачылыгында жогорку деңгээлге жеткен. Интермедияны Англияда «интерлю­дия», Португалияда «интермиш» деп аташкан. Россияда интермедия 16-кылымда мектеп театр оюндарынан келип чыккан. 19–20-кылымдарда ыр, бий м-н аткарыл­ган өз алдынча сахна оюнуна айланган. Опера, балет актыларынын аралыгындагы кошумча оюн катары да көрсөтүлгөн. 15-кылымдан тартып алар Италиянын, кийинчерээк Англия, Франция ж. б. өлкөлөрдүн музыкалык театрларына кирген. Спек­таклдеги интермедия акырындык м-н өз алдынча сю­жеттүү музыкалык-сахналык чыгарма касиетин алган. 17–18-кылымдарда интермедия Италияда чакан күлкүлүү опера катары көрсөтүлгөн (Перголези, «Кызматчы айым»). Кээде интермедия эстрадалык ж. б. концерттер­де да аткарылат. Кыргыз адабиятында Р. Шүкүр­бековдун интермедиялык чыгармалары кеңири белгилүү; 2) фугадагы теманын түрдүүчө аткарылыш аралы­гындагы эпизод; ал интерлюдия деп да аталат.