ИНСОЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНСОЛЯ&#769;ЦИЯ</b> (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир&shy;дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (<i>вт/м</i><sup>2</sup>) м-н туюнтулат. И. Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де&shy;ңиз деңгээлинин бийиктигине, атм-нын тазалы&shy;гына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошон&shy;дуктан ал жыл мезгилине, атм-нын абалына
<b type='title'>ИНСОЛЯ&#769;ЦИЯ</b> (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир&shy;дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (<i>вт/м</i><sup>2</sup>) м-н туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де&shy;ңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалы&shy;гына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошон&shy;дуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин ж-а атмосферанын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айла&shy;нышы, башкача айтканда жердин климат шарттары ж-а өсүм&shy;дүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция акти&shy;нометр м-н өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру м-н дарыланууда, архитектуралык дол&shy;боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.
ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. И. жер бетинин ж-а атм-нын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атм. циркуляциясы, суунун жер бетинде айла&shy;нышы, б. а. жердин климат шарттары ж-а өсүм&shy;дүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофиз., биохим. процесстери И-га тыгыз байланышкан. И. акти&shy;нометр м-н өлчөнөт. И. шарттарын изилдөө а. ч-нда, күн нуру м-н дарыланууда, арх. дол&shy;боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]
[[Категория:3-том, 544-607 бб]]

10:07, 27 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир­дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) м-н туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де­ңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалы­гына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошон­дуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин ж-а атмосферанын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айла­нышы, башкача айтканда жердин климат шарттары ж-а өсүм­дүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция акти­нометр м-н өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру м-н дарыланууда, архитектуралык дол­боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.