ИНСОЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы м-н нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир­дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) м-н туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де­ңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалы­гына ж-а булуттуулугуна байланыштуу. Ошон­дуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына ж-а Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин ж-а атмосферанын жылуулук абалы м-н Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айла­нышы, башкача айтканда жердин климат шарттары ж-а өсүм­дүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция акти­нометр м-н өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру м-н дарыланууда, архитектуралык дол­боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.