ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР</b> – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин | <b type='title'>ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР</b> – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин инженердик жактан камсыз кылуу­чу атайын аскерлер. Инженердик аскерлер көпчүлүк мамлекет­тин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштар­ды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр ж-а бөлүкчө­лөрдөн – сапёр-инженердик, чабуулчу, тосмолоочу, жол инженердик, көпүрө куруучу инженердик, куруучу инженердик ж. б. атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инженер, техникалык инженер, талаада суу м-н жабдуу, минадан таза­лоо топтору, жол инженер, көпүрө куруучу инженер ж. б. түрү бар. Инженердик аскерлердин негизги милдеттери: инженердик чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактар­ды райондорду ж-а башкаруу пункттарын фор­тификациялык жабдуу, инженердик тосмолорду орно­туу, талкалоолорду даярдоо ж-а жүргүзүү, тос­молорго өткөөл жасоо ж-а кармоо, жерди ж-а объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кый­мыл ж-а маневр жолдорун даярдоо ж-а кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу ж-а кармоо, талаада суу м-н жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди та­лаада электр кубаты м-н камсыз кылуу, аскер­лерди ж-а объекттилерди чүмбөттөө ж. б. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инженердик бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин ку­рамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айы­нан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта­бынын инженердик башкармалыгы деп аталат. | ||
<p align='right'><i type='author'>Э. Кадыров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Кадыров.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
10:26, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин инженердик жактан камсыз кылуучу атайын аскерлер. Инженердик аскерлер көпчүлүк мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштарды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр ж-а бөлүкчөлөрдөн – сапёр-инженердик, чабуулчу, тосмолоочу, жол инженердик, көпүрө куруучу инженердик, куруучу инженердик ж. б. атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инженер, техникалык инженер, талаада суу м-н жабдуу, минадан тазалоо топтору, жол инженер, көпүрө куруучу инженер ж. б. түрү бар. Инженердик аскерлердин негизги милдеттери: инженердик чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактарды райондорду ж-а башкаруу пункттарын фортификациялык жабдуу, инженердик тосмолорду орнотуу, талкалоолорду даярдоо ж-а жүргүзүү, тосмолорго өткөөл жасоо ж-а кармоо, жерди ж-а объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кыймыл ж-а маневр жолдорун даярдоо ж-а кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу ж-а кармоо, талаада суу м-н жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди талаада электр кубаты м-н камсыз кылуу, аскерлерди ж-а объекттилерди чүмбөттөө ж. б. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инженердик бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин курамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айынан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын инженердик башкармалыгы деп аталат.
Э. Кадыров.