ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР
ИНЖЕНЕРДИК АСКЕРЛЕР – аскер бөлүктөрү м-н бирикмелерин инженердик жактан камсыз кылуучу атайын аскерлер. Инженердик аскерлер көпчүлүк мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштарды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр ж-а бөлүкчөлөрдөн – сапёр-инженердик, чабуулчу, тосмолоочу, жол инженердик, көпүрө куруучу инженердик, куруучу инженердик ж. б. атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инженер, техникалык инженер, талаада суу м-н жабдуу, минадан тазалоо топтору, жол инженер, көпүрө куруучу инженер ж. б. түрү бар. Инженердик аскерлердин негизги милдеттери: инженердик чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактарды райондорду ж-а башкаруу пункттарын фортификациялык жабдуу, инженердик тосмолорду орнотуу, талкалоолорду даярдоо ж-а жүргүзүү, тосмолорго өткөөл жасоо ж-а кармоо, жерди ж-а объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кыймыл ж-а маневр жолдорун даярдоо ж-а кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу ж-а кармоо, талаада суу м-н жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди талаада электр кубаты м-н камсыз кылуу, аскерлерди ж-а объекттилерди чүмбөттөө ж. б. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инженердик бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин курамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айынан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын инженердик башкармалыгы деп аталат.
Э. Кадыров.