ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ</b> – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөз­дөгөн | <b type='title'>ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ</b> – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөз­дөгөн социологиялык теория түшүнүгү. Индустриялык коом – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыпта­нып, 20-кылымдын 50–60-жылдарында кеңири та­ралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) кон­цепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Симонго таандык. Индустриялык коомдун структураларынын та­рыхый калыптануусу модернизация концепция­ларында изилденет. Индустриялык коомдо төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а ав­томатташтыруу, техникалык жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүш­төр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдар­дын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлө­рүнүн пайда болушу, урбанизация, базар эконо­микасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укук­тук мамлекет м-н мүнөздөлгөн өнөр жай коомунун өнүгүшү ж. б. Индустриялык коом либералдуу коомдордо да, ошондой эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-кылымдын аягында индустриялык коомдон <i>пост­индустриялык коомго</i> өтүү башталды. Индустриялык коом социалдык системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнө­лүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат. | ||
өнүгүшү ж. б. | |||
өкүм сүрө алат. 20- | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:46, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДУСТРИЯЛЫК КООМ – «бүгүнкү типтеги» коомдук системалардын келип чыгышын мүнөздөгөн социологиялык теория түшүнүгү. Индустриялык коом – жаңы доордун мезгилинде Батыш Европада калыптанып, 20-кылымдын 50–60-жылдарында кеңири таралган (Р. Арон, У. Ростоу, Д. Белл ж. б.) концепция. Бул терминдин чыгышы А. Сен-Симонго таандык. Индустриялык коомдун структураларынын тарыхый калыптануусу модернизация концепцияларында изилденет. Индустриялык коомдо төмөнкү процесстер байкалат: өндүрүштү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу, техникалык жаңыртууларды колдонуу, шаарлардын өсүшү, байыркы коомдук түзүлүштөр (патриархалдык үй-бүлө) жоюлуп, балдардын төрөлүшүнүн төмөндөшү, билим алуу түрлөрүнүн пайда болушу, урбанизация, базар экономикасы, ишкерлердин социалдык топтору ж-а жалданма жумушчулар, демократия ж-а укуктук мамлекет м-н мүнөздөлгөн өнөр жай коомунун өнүгүшү ж. б. Индустриялык коом либералдуу коомдордо да, ошондой эле авторитардык-этатисттик режимдерде да өкүм сүрө алат. 20-кылымдын аягында индустриялык коомдон постиндустриялык коомго өтүү башталды. Индустриялык коом социалдык системалардын эволюциясынын бүткүл-дүйнөлүк тарыхый процессинин бир баскычы катары каралат.