ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ: нускалардын айырмасы
м (2 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ</b> – материалды индук­циялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаа­сына жайгаштырылып, ошонун негизинде ме­таллда индукциялык ток пайда болот. | <b type='title'>ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ</b> – материалды индук­циялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаа­сына жайгаштырылып, ошонун негизинде ме­таллда индукциялык ток пайда болот. Өнөр жайында негизинен индукциялуу тигель ж-а индукция­луу канал мештери колдонулат. Т и г е л ь меши суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын ка­сиетине жараша карападан, ал эми айрым учур­да графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда бо­лот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эри­тилип, сыйымдуулугу бир нече <i>кг</i>дан жүздөгөн т га чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергия­сы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магнит­тик энергияны жылуулук энергиясына айлан­дырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат. Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куйма­лары, чоюн эритилет. Сыйымдуулугу жүздөгөн <i>кг</i>дан бир нече т га чейин жетет. Индукциялык меште продукт таза алынат, тез ысытылат, температураны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чы­гат, вакуумда ж-а газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат. | ||
суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын ка­сиетине жараша карападан, ал эми айрым учур­да графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда бо­лот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эри­тилип, | |||
чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергия­сы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магнит­тик энергияны жылуулук энергиясына айлан­дырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр | |||
өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат. | |||
Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куйма­лары, чоюн эритилет. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:34, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ – материалды индукциялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаасына жайгаштырылып, ошонун негизинде металлда индукциялык ток пайда болот. Өнөр жайында негизинен индукциялуу тигель ж-а индукциялуу канал мештери колдонулат. Т и г е л ь меши суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын касиетине жараша карападан, ал эми айрым учурда графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда болот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эритилип, сыйымдуулугу бир нече кгдан жүздөгөн т га чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергиясы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магниттик энергияны жылуулук энергиясына айландырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат. Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куймалары, чоюн эритилет. Сыйымдуулугу жүздөгөн кгдан бир нече т га чейин жетет. Индукциялык меште продукт таза алынат, тез ысытылат, температураны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чыгат, вакуумда ж-а газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат.