ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ
ИНДУКЦИЯЛЫК МЕШ – материалды индукциялык ысытуу м-н эритүүчү электр меши. Мында металл өзгөрүлмө электр-магнит талаасына жайгаштырылып, ошонун негизинде металлда индукциялык ток пайда болот. Өнөр жайында негизинен индукциялуу тигель ж-а индукциялуу канал мештери колдонулат. Т и г е л ь меши суу м-н муздатылуучу жез түтүктөн жасалган соленоид түрүндөгү индуктордон ж-а тигелден турат. Мештин тигели эритилүүчү заттын касиетине жараша карападан, ал эми айрым учурда графит, болот ж. б-дан жасалат. Анда болот, чоюн, жез, алюминий, магний ж. б. эритилип, сыйымдуулугу бир нече кгдан жүздөгөн т га чейин жетет. Ал ачык түрүндө, вакуумдуу ж-а ичине газ толтурулуп жасалып, электр энергиясы м-н иштейт. К а н а л меши электр-магниттик энергияны жылуулук энергиясына айландырат, жылуулук бөлүп чыгаруучу электр өткөргүч каналдын ичине жайгаштырылат. Канал мешинде түстүү металл ж-а анын куймалары, чоюн эритилет. Сыйымдуулугу жүздөгөн кгдан бир нече т га чейин жетет. Индукциялык меште продукт таза алынат, тез ысытылат, температураны жөнгө салуу жөнөкөй, эриген металлдан ис газы (СО) аз чыгат, вакуумда ж-а газ сакталуучу жайларда эритүү мүмкүндүгүн жогорулатат.