ИНДИЯ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
|||
| (7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́НДИЯ</b> (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я | <b type='title'>И́НДИЯ</b> (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Ба­тышынан Инди океанынын Араб, түштүк-баты­шынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бен­гал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. | ||
Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – | |||
[[File:ИНДИЯ1.png | thumb | none]] | [[File:ИНДИЯ1.png | thumb | none]] | ||
Түндүк-батышынан Пакистан ж-а Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал ж-а Бутан, чыгышынан Бангладеш ж-а Мьянма | |||
өлкөлөрү м-н чектешет. | өлкөлөрү м-н чектешет. Индиянын курамына Лак­кадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Анда­ман ж-а Никобар аралдары кирет. Аянты 3,3 млн <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору – Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили – хинди ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп са­налат), борборго баш ийген 6 союздук аймак­ка ж-а Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; | ||
'''Таблицаны кара.''' | |||
<br>Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоо­чу) ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү. | |||
. | |||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Индия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алы­нып, 1950-жылы күчүнө кирген. Башкаруу форма­сы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күч­төрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент ж-а штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын мыйзам чыгаруу органы – парламент (2 палатадан ту­рат: Штаттар совети – Раджья Сабха (250 орун) ж-а Элдик палата – Лок Сабха (545 орун). Ат­каруу бийлиги президент тарабынан дайындал­ган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.<br>Негизги саясий партиялары: Индия Улуттук кон­гресси (1885-жылы уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) ж. б. | |||
'''Табияты.''' Индия <i>Индстан</i> жарым аралын, <i>Инд-Ганг түздүгүнүн</i> чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чы­гышты карай), <i>Гималай</i> м-н Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы ж-а Араб де­ңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң <i>км</i>; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү – Мала- | |||
[[File:ИНДИЯ2.png | thumb | Карвар шаарынын айланасындагы Араб деңиз жээги. | [[File:ИНДИЯ2.png | thumb | Карвар шаарынын айланасындагы Араб деңиз жээги. | ||
]]бар жээги, чыгыш жээгинин | ]]бар жээги, чыгыш жээгинин түштүк бөлүгү – Ко­романдель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагы­нын <sup>3</sup>/4 бөлүгү – түздүктөр ж-а бөксө тоолор. Инд­станды дээрлик <i>Декан бөксө тоосу</i> (ал чыгыш­ты карай 900 <i>м</i>ден 300 <i>м</i>ге чейин жапыздайт) | ||
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007) | |||
'''Таблица'''<table>Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)</table> | |||
ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал баты­шында ж-а чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат ж-а Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. | ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал баты­шында ж-а чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат ж-а Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары <i>(трапптар)</i> каптап жатат. Индстандын түштү­гүндө бийиктиги 2698 <i>м</i>ге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабын­да, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жай­гашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система – Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 <i>м­г</i>е чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрү­лөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.<br>Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы <i>Инди плат­формасы</i> ээлеп, ал Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүн кам­тыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гима­лайдын бир бөлүгү (Симла, Жам­му, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттар­да), хромит (Орисса), темир (Ба­бабудан, Байладила ж. б. кен­дер), алтын (Карнатака ж. б.), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мад­хья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мад­хья-Прадеш), нефть ж-а газ (Камбей, Ассам нефть-газ бас­сейндери, Бенгал шельфи), кө­мүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар ж. б. Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүн­дө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезги­линде жаан-чачындын 70–90%и жаайт, кышы кургак ж-а салкын, марттан майдын аягына чейин кургак ж-а ысык мезгил. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 <i>мм</i>; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө | ||
Чоң Гималай) болуп тик көтөрү­лөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум | |||
тоолору жайгашкан.<br> | |||
Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүн­дө тропиктик. | |||
чейин кургак ж-а ысык мезгил. Январдын | |||
чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 <i>мм</i>; Декан бөксө тоосунун | |||
[[File:ИНДИЯ4.png | thumb | Тар (Тхар) чөлү.]] | [[File:ИНДИЯ4.png | thumb | Тар (Тхар) чөлү.]] | ||
| 38 сап: | 31 сап: | ||
[[File:ИНДИЯ5.png | thumb | | [[File:ИНДИЯ5.png | thumb | | ||
Бийик Гималай.]] | Бийик Гималай.]] | ||
300–400 <i>мм</i>, Чыгыш Гималай тоолорунда ж-а Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 <i>мм</i>, Шиллонг платосунда 12 000 <i>мм</i>ге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна м-н кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (тө­мөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайда­ланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун ж-а Инд-Ганг түздүгүнүн таби­гый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксеро­фиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбыра­гы күбүлмө токой, түн.-батышына бадалдуу жа­рым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг м-н Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гима­лайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою | 300–400 <i>мм</i>, Чыгыш Гималай тоолорунда ж-а Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 <i>мм</i>, Шиллонг платосунда 12 000 <i>мм</i>ге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна м-н кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (тө­мөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайда­ланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун ж-а Инд-Ганг түздүгүнүн таби­гый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксеро­фиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбыра­гы күбүлмө токой, түн.-батышына бадалдуу жа­рым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг м-н Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гима­лайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин <i>тераилер</i> (саздуу жун­гли), жогорураак муссон токою, аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа ж-а та­лаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.<br>'''''Индияда коргоого алынган''''' 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянты­нын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви ж-а Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири ж-а Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жер­лерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмеси­не Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас ре­зерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү ж-а жа­пайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду иш- | ||
өсөт. Гималайдын этегин <i>тераилер</i> (саздуу жун­гли), жогорураак муссон токою, аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа ж-а та­лаа ээлейт. | |||
анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянты­нын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви ж-а Сандарбан улуттук парктары, | |||
[[File:ИНДИЯ8.png | thumb | Индия пилдеринин жайыты.]] | [[File:ИНДИЯ8.png | thumb | Индия пилдеринин жайыты.]] | ||
ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады. | ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады. | ||
'''Калкы.''' Индия – көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде ж-а диалекте сүйлөгөн 500дөй улут ж-а уруу бар. Алардын <sup>9</sup>/<sub>10</sub> унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирлик­тер ж. б. 1901–2001-жылдарда Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын саны­нын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жо­гору болушу (1901-жылы 1000 адамга 45,8 бала, 1951-жылы 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрө­лүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп м-н өсүү­дө. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүм­ житим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп м-н 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагын- | |||
уруу бар. Алардын <sup>9</sup>/ | |||
<sub>10</sub>унан ашыгы ири | |||
маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирлик­тер ж. б. 1901–2001- | |||
өскөн. 21- | |||
[[File:ИНДИЯ9.png | thumb | Мумбаи (мурдагы Бомбей) шаары.]] | [[File:ИНДИЯ9.png | thumb | Мумбаи (мурдагы Бомбей) шаары.]] | ||
дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендер­дин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калганда­ры христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иу­даизм диндерин тутат. | дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендер­дин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калганда­ры христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иу­даизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Каль­кутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт. | ||
млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). | |||
чөйрөсүндө иштейт. | |||
'''Тарыхы.''' Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баш­таган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан эл­дер б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2- миң жылдыктын 1-жарымында жогорку дең­гээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдык­та аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрык­ча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (б. з. ч. 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сосло­виеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерле­ри), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эр­кин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жал­чы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буд­дизм м-н жайнизм дини үстөмдүк кылган. Ал­гачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бө­лүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-аф­ган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышы­на түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише алба­ган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин <i>Бабурду</i> чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династия­сынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Ак­бардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Ауран­гзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Мо­гол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16- кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стра­тегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост- Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу м-н каратып алат. Индия Англия­нын соода рыногуна ж-а англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улут­тук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу ж-а коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин, Индия м-н Англиянын ортосунда ка­рама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна ж-а Пакистан болуп эки доми­нионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар м-н мусул­мандардын кагылышуусу м-н коштолуп, натый­жада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. <i>Ганди</i> шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтү­рүлөт. ИУКтун лидери Ж. <i>Неру</i> И-нын премьер­министри болот. | |||
укуктардан пайдаланган. Байыркы | |||
12- | |||
1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл | 1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл | ||
алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн | алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. <i>Ганди</i> өлкөнүн премьер-министри болуп ка­лат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импортт-оого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук ж-а космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук ку­ралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космод­ромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус ­мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. <i>Ганди</i> шайланат. | ||
өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. <i>Ганди</i> шайланат. | |||
[[File:ИНДИЯ10.png | thumb | none]] | [[File:ИНДИЯ10.png | thumb | none]] | ||
Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук | Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачты­рууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жети­шет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өл­көлөр м-н кызматташа баштаган. 80-жылдар­дын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода­ экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багыттал­ган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компа­ниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчу­лары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Ман­мохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш ж-а Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү м-н кызматташтыгын өнүктүрүүдө. | ||
чет элдик фирмалардын филиалдарын ачты­рууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жети­шет. | |||
1991- | |||
2004-жылдан | |||
[[File:ИНДИЯ11.png | thumb | Индия Республикасынын күнүнө карата аскер пара­ды. Дели. 26-январь. 2010-жыл.]] | [[File:ИНДИЯ11.png | thumb | Индия Республикасынын күнүнө карата аскер пара­ды. Дели. 26-январь. 2010-жыл.]] | ||
1985-жылдан | 1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызмат­таштык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жыл­дан ШКУга байкоочу катары катышат. | ||
'''Чарбасы.''' Индия – өнөр жай, соодасы ж-а товардык­ акча мамилеси өнүккөн агр.-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзан­дыгы ж-а эмгектин жогорку маданияты м-н өзгө­чөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иш­тейт. Өлкө азык-түлүк м-н өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндү­рөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын ж-а балыкчылык­тын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш м-н кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол м-н 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкө­нүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээ­ли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына ки­рет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча ки­решеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.<br>Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясы­нын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактары­на туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маа­нилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, нефть-химия ж-а фармацевти­ка, кара ж-а түстүү металлургия, текстиль ж-а тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасы­нын 54%ин көмүр, 32%ин нефть ж-а нефть про­дуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энер­гиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын эко­номикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблема­лардын бири – отун-энергетикалык ресурстар­дын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырт­тан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд <i>м</i><sup>3</sup>) ички керектөөнүн <sup>1</sup>/2 ине жакы­нын канааттандырат; газ кендери Араб деңизи­нин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң <i>МВт</i>, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң <i>МВт</i> туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд <i>кВт</i> электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (не­гизинен шамал) электр станцияларына таан- | |||
(Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07- | |||
өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ | |||
(31,6 млрд <i>м</i><sup>3</sup>) ички керектөөнүн <sup>1</sup>/ ине жакы­нын канааттандырат; газ кендери Араб деңизи­нин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң <i>МВт</i>, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң <i>МВт</i> туура келет. 2006–07- | |||
[[File:ИНДИЯ12.png | thumb | Алюминий заводу. Даманжоди шаары.]] | [[File:ИНДИЯ12.png | thumb | Алюминий заводу. Даманжоди шаары.]] | ||
дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон мук­таждыгы 2006–07- | дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон мук­таждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд <i>кВт</i> түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) ж-а марганец (1750 миң т) рудала­рынын негизинде иштейт. Түстүү металлургия­нын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гу­жарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штат­тарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 <i>кг</i>) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продук­циясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түр­дүү тармактары үчүн машиналардын ж-а жаб­дуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын не­гизги продукциялары: буу казаны, буу, газ ж-а гидравликалык турбиналар, буу ж-а дизель ге­нераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт­ электр курулмасы, шамал энергетикалык курул­масы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, ком­прессор, трасформатор ж. б. Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы – станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автомат­тык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транс­порттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль өнөр жайынын ишка­налары негизинен ички рыноктун муктаждык­тарын канааттандырууга багытталып, автомо­биль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүн­дөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторик­ша, жүк ташуучу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражатта­рын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан ки­йинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электро­воздорду ж-а пассажир ташуучу электр поездде­рин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жайы – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйым­дуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакый­мылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космо­дрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат- | ||
чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун | |||
(255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 <i>кг</i>) казылып алынат. Машина куруу – | |||
мында металл иштетүүчү станоктор, автомат­тык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транс­порттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль | |||
[[File:ИНДИЯ13.png | thumb | Шрихарикота кос­модромунан ракета учуруу. Андхра-Пра­деш штаты.]] | [[File:ИНДИЯ13.png | thumb | Шрихарикота кос­модромунан ракета учуруу. Андхра-Пра­деш штаты.]] | ||
тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук ма­шина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири де­ңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык | тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук ма­шина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири де­ңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме да­ярдалат. Мамлекеттик ири верфтери – Кочин, Вишак­хапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарларында жай­гашып, аларда бүт кеме түрлөрү, анын ичинде аскер ке­мелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жаб­дылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продук­циясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигмент­тер ж-а боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер ж-а пластик буюмдар, жасалма ж-а синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пи­ротехникалык буюмдар ж. б. чыгарылат. Нефть-химия өнөр жайы пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (анын ичинде шина), лак ­боёк продукцияларын ж. б. чыгаруучу ишкана­лардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005–06-жылдарда 35 млн т) чыгарылат. Индиянын фармацевтика өнөр жай өдүрүшүнүн көлөмү (дүй­нөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибио­тиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миң­дей аталышын чыгарат. Индиянын дары-дармек­тери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуу­лугу ж-а арзандыгы м-н бааланат. Алмазга кыр чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – Индиянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик бор­борлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме ж-а даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын нар­кынын <sup>1</sup>/5 и). Индия кебез кездеме чыгаруу (2005– 06-жылдарда 50 млрд <i>м</i><sup>2</sup>) ж-а андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль ж-а тигүү өнөр жайы ИДПнин 8%ин ж-а өлкөнүн товардык экс­порт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жи­бек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вис­коза, нейлон, акрил ж. б.) пайдаланылат. Индия жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытай­дан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тарма­гы – кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча ж-а жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азык-­түлүк, чала фабрикат, таза суу өндүрүштөрү.<br>Индиянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо нефтини казып алуу ж-а кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын ж-а болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сек­тор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетика­сында, темир жол, авиация ж-а деңиз транспортто­рунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сек­тор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбасында, жеңил, та­мак-аш, медицина өнөр жайларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу.<br>ИДПде айыл чарбасынын ж-а ага байланыштуу тар­мактардын үлүшү зор (<sup>1</sup>/3 и). Айыл чарбасында өлкөнүн жумушчу күчүнүн <sup>2</sup>/3 ге жакыны иштейт. Индия көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12–15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлү­гүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жо­горку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун ж-а айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун на­тыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды.<br>Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүм­дүктөр. Индия – байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн <i>га</i>) боюнча дүйнөдө 1- орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктар­дан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дый­канчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг | ||
уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме да­ярдалат. | |||
ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибио­тиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миң­дей аталышын чыгарат. | |||
чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – | |||
чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил | |||
өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. | |||
ИДПде | |||
Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын | |||
48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүм­дүктөр. | |||
чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дый­канчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг | |||
[[File:ИНДИЯ14.png | thumb | Карнатака штатындагы шалы талаасы (палдары).]] | [[File:ИНДИЯ14.png | thumb | Карнатака штатындагы шалы талаасы (палдары).]] | ||
түздүгүндө ж-а Годавари, Кришна, Кавери | түздүгүндө ж-а Годавари, Кришна, Кавери дарыяларынын дельталарында ж-а өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбасынын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин <sup>1</sup>/3 ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45–50 млн <i>га</i>), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн <i>га</i>ны гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону бо­лот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы – сентябрь– ноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйна­лат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрь-­ноябрь – март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын <sup>1</sup>/4 инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07-жылдарда 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын <sup>1</sup>/8 и; 70 млн т жый­налат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги ж. б., көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички ай­мактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур ж. б.) ж-а май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал ка­мыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бра­зилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Индияда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Индияда) ж-а чай (Брах­мапутранын өрөөнүндөгү ж-а Чыгыш Гималай­дын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (<sup>2</sup>/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймакта­ры Батыш Индиядагы Декан <i>траппы</i> ж-а Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жый­налган) өндүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орундар-[[File:ИНДИЯ15.png | thumb | Ча й ж а лб ы р аг ы н ж ыйн оо. Б ат ы ш Бенгалия.]] | ||
өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын <sup>1</sup>/ инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07- | да. Түштүк Индияда чай, кофе, каучук, кокос пальма­сы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон ж. б.) өстүрүлөт. 2000-жылы 240 млнго жакын бодо мал (анын ичинде 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1-орунда; негизинен унаа катары пайдаланы­лат), 123 млн эчки ж-а 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын <sup>1</sup>/5 и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун | ||
өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал ка­мыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бра­зилиядан кийинки 2-орунда; | өлчөмү боюнча (6,6 млн т , анын ичинде деңиз балыктары 3,8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн ката­рына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, уст­рица ж. б. кармалат, бермет алынат.<br>Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маа­лымат технологиясы, каржылоо, соода, транс­порт, байланыш ж-а телекоммуникация ж-а туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалы­мат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006–07). Бул сектордун башкы сегменти – программалык кам­сыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багыт­талган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик ж-а мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бө­лүмдөрүнүн, аманаттарынын ж-а кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит м-н камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнү­гүүдө; 2005–06-жылдарда Индияга 3,5 млндон ашык ту­рист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Герма­ниядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризм­ден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризм­дин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, ма­даний-таанып билүү (туристтер көп келген шаар­лары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климат­тык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Ги­малайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гима­лайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборло­ру; суу спортунун түрлөрү, анын ичинде Гоадагы дей­винг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына ба­руу) ж. б. Автомобиль жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2- (АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, Индиянын транс­порттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомо­биль жолунун жалпы узундугу 3320 миң <i>км</i> (2007), анын ичинде шоссе жолунуку 66,6 миң <i>км</i> (жогорку ыл- | ||
бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), | |||
клещевина ( | |||
[[File:ИНДИЯ15.png | thumb | Ча й ж а лб ы р аг ы н ж ыйн оо. Б ат ы ш Бенгалия.]] | |||
да. | |||
чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын <sup>1</sup>/ и), | |||
200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун | |||
өлчөмү | |||
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маа­лымат технологиясы, каржылоо, соода, транс­порт, байланыш ж-а телекоммуникация ж-а туризм индустриясы. 21- | |||
өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бө­лүмдөрүнүн, аманаттарынын ж-а кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит м-н камсыз кылат. | |||
Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, | |||
Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климат­тык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Ги­малайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гима­лайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборло­ру; суу спортунун түрлөрү, | |||
Автомобиль жолунун узундугу | |||
2- (АКШдан кийин), | |||
[[File:ИНДИЯ16.png | thumb | | [[File:ИНДИЯ16.png | thumb | | ||
Индия акчасы.]] | Индия акчасы.]] | ||
дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң <i>км</i>, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң <i>км</i>, округдардын башкы жолдору 470 миң <i>км</i>, айыл ж. б. жолдору 2650 миң <i>км</i>. | дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң <i>км</i>, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң <i>км</i>, округдардын башкы жолдору 470 миң <i>км</i>, айыл ж. б. жолдору 2650 миң <i>км</i>. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң <i>км</i> (2007); анын 17,81 миң <i>км</i>и электрлештирил­ген. Индия темир жол аркылуу Пакистан, Бангладеш, Не­пал м-н да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2- орунда). 12 ири, 180 орто ж-а чакан деңиз пор­ту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялар­дын ж-а каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң <i>км</i>; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң <i>км</i>, каналдарыныкы 485 <i>км</i>. Расмий эл аралык ж-а 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэро­порттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 6500 <i>км</i>, нефть продукту­сун өткөрүүчү куурдуку 6152 <i>км</i>, газ куурунуку 5184 <i>км</i>. Калькутта, Дели, Бангалор шаарларында мет­рополитен иштейт.<br>Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тей­лөө кызматын экспорттоодон түшкөн ж-а чет өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген ки­решенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукция­сы, химия ж-а фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары ж-а текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар ж-а минерал­дар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорт­тук товарлары: отун (нефть, ж-а нефть про­дукциясы, көмүр), машина ж-а жабдуулар, ком­пьютер техникасы ж. б. электроника продук­циялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар ж-а куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар ж-а бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы ж. б. Негизги соо­да шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гон­конг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея. | ||
Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тей­лөө кызматын экспорттоодон түшкөн ж-а чет | |||
өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген ки­решенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукция­сы, химия ж-а фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары ж-а текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар ж-а минерал­дар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорт­тук товарлары: отун (нефть, ж-а нефть про­дукциясы, көмүр), машина ж-а жабдуулар, ком­пьютер техникасы ж. б. электроника продук­циялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар ж-а куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар ж-а бермет, | |||
'''Маданияты.''' Индиянын билим берүү мекемелери­не билим берүү министрлиги жетекчилик кы­лат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук сая­сат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Индиянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык би­лимге даярдоо, жогорку окуу жайлары билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн би­лим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарлар­да бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектеп­тер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ды, баштап­кы – 90%ды, орто – 54%ды түзөт. Калктын са­баттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004).<br>Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ий­гиликтерге жетишти. 1950-жылы 25 университет, 700 кол­леж болсо, 2006-жылы 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. Жогорку окуу жайларда 4 млндон ашуун адам би­лим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ды түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство му­зейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башка университеттери, ири жогорку окуу жайлары: Индия айыл чарба изилдөө институ­ту (1905), долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технология институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджа­рати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдар­шан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөл­дөнүп турат.<br>Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки III кылымда эле Инд өрөөнүндө сугат каналда­ры, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан са­лынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган бу­лактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо те­мир колдонулганы, металл иштетүү, оорулар­дын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар.<br>Инди маданияты Маурьялар династиясы бийле­ген мезгилден (биздин заманга чейинки IV–II кылым) биздин замандын VIII кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, ме­дицина, математика, астрономия жана башка тармак­тар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоз­дору киргизген. Физика менен химия боёк, дары­-дармек даярдоодо жана башкаларда колдонулган. Медици­нада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556–1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башка шаарларда обсерваториялар са­лынган. XVIII кылымдын орто ченинен өлкөнү европа­лыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башка англис илимпоздору да көп эмгек си­ңирген. XIX кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илим­поздор – математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис А. Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. XX кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баш­тоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик Х. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды кир­гизишкен.<br>Индиянын философия, адабият жана искусство жаатын­дагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки XV–X кылымдардан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адам­заттын эң байыркы маданиятынын мезгилинде пай­да болгон. 3000 жыл илгери Ведалар – байыр­кы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпос­тору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки IV–III кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Cанскрит тилинде «Панча­тантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Ти­руваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр ките­би – байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чы­гармасы. Анда даанышман башкаруучунун об­разы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын тара­лышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253–1325; Мирза Бедил, 1644– 1721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. XIX–XX кылымдарда адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү ча­гылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жа­зуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бен­гал акыны Р. <i>Тагор</i> Азияда биринчи жолу Но­бель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдеги адабият менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн.<br>Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лот­хал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки IV–II кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу са­рай имараттары салынган. XIII кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн. | |||
. | |||
жөнгө салынат. | |||
Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ий­гиликтерге жетишти. 1950- | |||
2006-жылкы маалыматтар | |||
Инди | |||
гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, ме­дицина, математика, астрономия | |||
өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок | |||
чыккан. | |||
өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү ча­гылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жа­зуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде | |||
өнүккөн.<br> | |||
[[File:ИНДИЯ17.png | thumb | Жайндардын Калькуттадагы храмы.]] | [[File:ИНДИЯ17.png | thumb | Жайндардын Калькуттадагы храмы.]] | ||
Мусулман ме­читтери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салын­ган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (XVI–XVII кылымдар) Агар, Дели шаарларынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мармар күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (XVIII кылым–1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги имараттар пайда болгон. Орто кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. XIX–XX кылымдардын чегинде башында А. Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз са­лышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.<br>Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кай­сы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма бол­босун ыргактуу салттык үн айкалыш – рага­нын негизинде импровизацияланат. Улуттук не­гизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 1950-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык ра­дионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн. | |||
чегинде башында А. Тагор | |||
Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз са­лышкан. Бул агым | |||
өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.<br> | |||
[[File:ИНДИЯ18.png | thumb | Р. Варма. «Шакун­т а ла » . 1 9 - к -д ы н аягы.]] | [[File:ИНДИЯ18.png | thumb | Р. Варма. «Шакун­т а ла » . 1 9 - к -д ы н аягы.]] | ||
Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Ра­маяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана ту­юндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. XX кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-жылы Индия искусство борбору негизделген.<br>Индия көркөм тасмаларды тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тасма тар­туу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Ка­пурдун «Селсаяк» тасмасында элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жары­мынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Канна­дагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносу­нун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), А. Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жам­гыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд кино индустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл ара­лык кинофестивалдар өткөрүлүп турат. | |||
[[File:ИНДИЯ19.png | thumb | | Ад.: <i>Рябчиков А. М.</i> Природа Индии. М., 1950; <i>Ан­тонова К. А., Бонгард-Левин Г. М., Котовский Г. Г.</i> История Индии. М., 1979; <i>Сингх Г.</i> География Индии. М., 1980; Экономика Индии: отраслевой анализ. М., 1980; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; <i>Гусева Н. Р.</i> Многоликая Индия. М., 1987; <i>Бонград-Левин Г. М.</i> Древнеиндийская цивили­зация. М., 1993; Индия сегодня. Справочно-аналити­ческое издание. М., 2005; <i>Маляров О. В.</i> Внешняя торговля Индии. М., 2006; Индия // Большая Россий­ская энциклопедия. Т. 11. М., 2008; <i>Миллер М.</i> Шесть систем индийской философии. М., 1900; Краткая ис­тория литератур Индии. М., 1974; <i>Короцкая А. А.</i> Сокровища индийского искусства. М. 1966; <i>Ольден­бург С. Ф.</i> Культура Индии. 2-е изд. М., 2004; <i>Дее­ва Б. Ч.</i> Индийская музыка. М., 1980; Драматургия и театр Индии. М., 1961; Кино Индии / Под ред. М. Л. Салганин. М., 1987; Индия сегодня. М., 2005. | ||
<i>Б. Мудаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова</i>.[[File:ИНДИЯ19.png | thumb | | |||
«Девдас» фильминен бир кадр. Режиссёру П. Ч. Ба­руа. 1935.]] | «Девдас» фильминен бир кадр. Режиссёру П. Ч. Ба­руа. 1935.]] | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
07:41, 25 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
И́НДИЯ (хинди тилинде – Бхарат), И н д и я Р е с п у б л и к а с ы (Бхарат Ганараджья) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу м-н чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу м-н Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат.
Түндүк-батышынан Пакистан ж-а Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал ж-а Бутан, чыгышынан Бангладеш ж-а Мьянма өлкөлөрү м-н чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман ж-а Никобар аралдары кирет. Аянты 3,3 млн км2. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору – Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили – хинди ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка ж-а Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт;
Таблицаны кара.
Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Индия – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алынып, 1950-жылы күчүнө кирген. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Ал, ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болуп эсептелет. Президент эки палаталуу парламент ж-а штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынан турган шайлоочулар коллегиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Индиянын мыйзам чыгаруу органы – парламент (2 палатадан турат: Штаттар совети – Раджья Сабха (250 орун) ж-а Элдик палата – Лок Сабха (545 орун). Аткаруу бийлиги президент тарабынан дайындалган премьер-министр (2004-жылдан Манмохан Сингх) башында турган өкмөткө таандык.
Негизги саясий партиялары: Индия Улуттук конгресси (1885-жылы уюшулган), Бхаратия жаната партиясы (1980), Индия коммунисттик партиясы (1925) ж. б.
Табияты. Индия Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгүн (Сатлеж дарыясынан чыгышты карай), Гималай м-н Кара-Корумдун түштүк бөлүктөрүн, Бенгал булуңундагы ж-а Араб деңизиндеги бир нече аралдар тобун камтыйт. Жээк сызыгынын узундугу 72 миң км; негизинен жапыз, кумдуу, лагуналуу; булуң-буйткалар аз. Жарым аралдын батыш жээгинин түштүк бөлүгү – Мала-
бар жээги, чыгыш жээгинин түштүк бөлүгү – Коромандель жээги деп аталат. Өлкөнүн аймагынын 3/4 бөлүгү – түздүктөр ж-а бөксө тоолор. Индстанды дээрлик Декан бөксө тоосу (ал чыгышты карай 900 мден 300 мге чейин жапыздайт)
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
Таблица
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)
ээлейт; жеринин бети плато сымал, ал батышында ж-а чыгышындагы айрым жерлеринде Батыш Гат ж-а Чыгыш Гат тоолоруна өтөт; алардын сырткы капталдары океанга тик түшөт. Түндүк-батышында зор аймакты базальт катмары (трапптар) каптап жатат. Индстандын түштүгүндө бийиктиги 2698 мге жеткен супа сымал тоолор, түндүк тарабында, тоо этегиндеги тектоникалык зор ийилиште аллювий тектеринен түзүлгөн Инд-Ганг түздүгү жайгашкан. Инд-Ганг түздүгүнүн түндүгүндө Жер шарындагы эң бийик тоо система – Гималай (Индиянын чегиндеги бийиктиги 8126 мге чейин, Нангапарбат чокусу) үч тепкич (Сивалик, Кичи Гималай, Чоң Гималай) болуп тик көтөрүлөт. Анын түндүгүндө альп рельефтүү, мөңгүлүү Кара-Корум тоолору жайгашкан.
Индиянын аймагынын басымдуу бөлүгүн байыркы Инди платформасы ээлеп, ал Индстан жарым аралын, Инд-Ганг түздүгүн камтыйт. Өлкөнүн аймагына, ошондой эле альп бүктөлүшүнө кирген Гималайдын бир бөлүгү (Симла, Жамму, Кашмир) да кирет. Ири кен байлыктары: боскит (Орисса, Бихар, Гужарат, Карнатака, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарда), хромит (Орисса), темир (Бабабудан, Байладила ж. б. кендер), алтын (Карнатака ж. б.), коргошун-цинк (Ражастхан), жез (Бихар), жез-порфир (Мадхья-Прадеш), мусковит (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), барит (Андхра-Прадеш), алмаз (Мадхья-Прадеш), нефть ж-а газ (Камбей, Ассам нефть-газ бассейндери, Бенгал шельфи), көмүр (Бихар, Батыш Бенгалия, Мадхья-Прадеш), слюда, асыл таштар ж. б. Климаты субэкватордук муссондук, түштүгүндө тропиктик. Индиянын дыйканчылык үчүн өтө маанилүү болгон жайкы нымдуу муссон мезгилинде жаан-чачындын 70–90%и жаайт, кышы кургак ж-а салкын, марттан майдын аягына чейин кургак ж-а ысык мезгил. Январдын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден түштүктө 27°Сге чейин, майда (эң ысык ай) 28–35°С. Жылдык жаан-чачыны Инд-Ганг түздүгүнүн батышында 100 мм; Декан бөксө тоосунун борбордук бөлүгүндө
300–400 мм, Чыгыш Гималай тоолорунда ж-а Гаттын сырткы капталдарында 3000–6000 мм, Шиллонг платосунда 12 000 ммге чейин (Жер шарынын кургактыктагы эң жаанчыл жери). Негизги дарыялары: Ганг (куймасы Жамна м-н кошо), Инд (жогорку агымы), Брахмапутра (төмөнкү агымы), Нарбада, Годавари, Кришна. Жайкысын дарыяларынын суусу мол (дарыя ташкыны болуп турат), сугатка кеңири пайдаланылат, айрымдарында кеме жүрөт. Декан бөксө тоосунун ж-а Инд-Ганг түздүгүнүн табигый өсүмдүктөрү өтө өзгөргөн; саванна, ксерофиттүү сейрек токой, айрым жерине жалбырагы күбүлмө токой, түн.-батышына бадалдуу жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Батыш Гаттын айдарым капталдарында, Ганг м-н Брахмапутранын дельтасында, Чыгыш Гималайдын этегинде дайыма жашыл тропик токою өсөт. Гималайдын этегин тераилер (саздуу жунгли), жогорураак муссон токою, аралаш ж-а ийне жалбырактуу токой, тоо шалбаа ж-а талаа ээлейт. Индиянын аймагынын 24%и токой.
Индияда коргоого алынган 545 табигый аймак бар, анын 83ү улуттук парк. Алар өлкөнүн аянтынын 5,2%ин ээлейт. ЮНЕСКОнун биосфералык резерват тармагына Нанда-Деви ж-а Сандарбан улуттук парктары, ошондой эле Нилгири ж-а Маннар булуңу; эл аралык маанидеги суу-саздуу жерлерге коргоого алынган 25 табигый аймак киргизилген. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Сандарбан, Казиранга, Кеоладео, Нанда-Деви, Гүлдөр өрөөнү улуттук парктары, Манас резерваты кирген. Биологиялык ар түрдүүлүктү ж-а жапайы айбанаттардын жашоо чөйрөсүн (мисалы, бенгал жолборсу, индия пили, ганг гавиалы) сактоо максатында түзүлгөн долбоорлорду иш-
ке ашырылышы айрымдарынын көбөйүшүн шарттады.
Калкы. Индия – көп улуттуу өлкө. Мында 1652 тилде ж-а диалекте сүйлөгөн 500дөй улут ж-а уруу бар. Алардын 9/10 унан ашыгы ири улуттар: хинди, бихар, панжаб, ражастхандыктар, маратха, гужарат, бенгалдыктар, ассам, тамил, телугу (андхра), каннар, малаяли, кашмирликтер ж. б. 1901–2001-жылдарда Индиянын калкы 4,3төн ашык эсе (238,4 млндон 1027,02 млнго чейин) өскөн. 21-кылымдын 1-жарымында калктын санынын өсүүсүнүн негизги себеби төрөлүүнүн өтө жогору болушу (1901-жылы 1000 адамга 45,8 бала, 1951-жылы 40,8 бала төрөлгөн). 1951-жылдан төрөлүү көзөмөлгө алынган (ар бир үй-бүлөгө 2 бала). Бирок, Индиянын калкы дагы эле тез темп м-н өсүүдө. 2007-жылы төрөлүү 1000 адамга 22,7 бала, өлүм житим 6,6 адам болгон. Индиянын калкынын 48%тен ашыгы аял (орто эсеп м-н 100 аялга 106дан ашык эркек туура келет). Калктын орточо жашы 24,8 жыл. Курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 31,8%, эмгек курагын-
дагылар (15–64 жаштагылар) 63,1%, 65 жаш ж-а андан ашкандар 5,1%. Динге ишенгендердин 80,5%и индуизм, 13,4%и ислам, калгандары христиан, сикхизм, буддизм, жайнизм, иудаизм диндерин тутат. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 353 адам; Инд-Ганг түздүгүндө ж-а деңиз жээктеринде калк жыш, тоолуу (түндүк) ж-а чөлдүү аймактарга сейрек отурукташкан. Калктын 70%и айылда жашайт (өлкөдө 600 миңден ашык айыл-кыштак бар). Шаар калкы 30%ти түзөт. Индияда калкы миллиондон ашкан 32 шаар бар. Ири шаарлары (2007): Мумбаи, калкы 13,1 млн (агломерациясы м-н 20,4 млн); Дели, 11,5 млн (18,0 млн); Бангалор, 5,3 млн (6,3 млн); Калькутта, 4,6 млн (14,9 млн); Ченнаи, 4,4 млн (7,1 млн); Ахмадабад 3,8 млн (5,2 млн); Хайдарабад 3,7 млн (6,1 млн); Пуна 3,2 млн (4,9). Экономикалык активдүү калкы 500 млндон ашык (2006), анын 60%и айыл чарбасында, 17%и өнөр жайында, 23%и тейлөө чөйрөсүндө иштейт.
Тарыхы. Археологиялык маалыматтарга караганда Индияда адам баласы таш доорунан эле жашай баштаган. Инд дарыясынын өрөөнүндө отурукташкан элдер б. з. ч. 3-миң жылдыктын 2-жарымы – 2- миң жылдыктын 1-жарымында жогорку деңгээлдеги Хараппа маданиятын түзгөн. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын орто ченинде Индияны арий уруулары каптап келе баштаган. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта аймакта Куру, Панчала, Кошала, Таксила, Гандхара, Магадха сыяктуу бир катар кул ээлик мамлекеттер пайда болот. Анын ичинде Магадха айрыкча жогорулап, Маурья династиясынан чыккан Ашок падышанын тушунда (б. з. ч. 268–232) ал бүткүл Индияны камтыган империянын борборуна айланган. Байыркы Индиянын калкы төрт сословиеге бөлүнгөн: брахмандар (дин кызматкерлери), кшатрийлер (жоокерлер), вайшийлер (эркин дыйкан, малчы, соодагер), шудралар (жалчы, кулдар). Булардын биринчи экөө артык укуктардан пайдаланган. Байыркы Индияда буддизм м-н жайнизм дини үстөмдүк кылган. Алгачкы орто кылымда Индия бир нече мамлекетке бөлүнгөн. 12-кылымдын аягы – 13-кылымдын башында түрк-афган башкаруучулары тарабынан Түштүк Индиянын каратылышы анда ислам дининин таралышына түрткү берген. 1398-жылы Тимурдун армиясы Дели султандыгын (1206-жылы түзүлгөн Индиядагы биринчи мусулман династиясы) каратып алган. Алар Дели шаарын талап-тоноп, кол өнөрчүлөрүн Самарканга алып кеткен. Ич ара келише албаган султандыктын башкаруучулары тактыга Кабулдан Закир-ад-дин Бабурду чакыртышкан. Бабурдун кыска мөөнөттүү бийлиги (1526–1530) Могол империясынын, Улуу Моголдор династиясынын башатын негиздеп кеткен. 16-кылымда Түндүк Индия Улуу Моголдор династиясынан чыккан Акбардын бийлигинде болот. Анын чөбүрөсү Аурангзеб (1658–1707) Түштүк Индияны каратат, бирок Могол империясы көп узабай ыдырай баштайт. 16- кылымда португалдар, голланддар, англичандар, француздар Индиянын жээгиндеги бир катар стратегиялык таяныч пункттарын ээлеген. Европалык державалардын Индия үчүн күрөштөрү англиялык Ост- Индия компаниясынын жеңиши м-н 18-кылымдын аягында аяктайт. 19-кылымдын орто ченинде Индияны Англия толугу м-н каратып алат. Индия Англиянын соода рыногуна ж-а англиялык өнөр жайдын сырьё булагына айланат. 1885-жылы түзүлгөн Индия улуттук конгресс (ИУК) партиясы жергиликтүү өнөр жайды өзү башкаруу ж-а коргоо талаптарын коёт. 1906-жылы Мусулман лигасы түзүлөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Индия м-н Англиянын ортосунда карама-каршылыктар күчөп, 1947-жылы 15-августта Улуу Британия Индиянын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Индия диний принцип боюнча Индия Союзуна ж-а Пакистан болуп эки доминионго бөлүнөт. Бөлүнүү индустар м-н мусулмандардын кагылышуусу м-н коштолуп, натыйжада 1 млндон ашуун адам кырылат. Диний кагылышууларга каршы чыккан М. К. Ганди шовинистчил уюмдун өкүлү тарабынан өлтүрүлөт. ИУКтун лидери Ж. Неру И-нын премьерминистри болот. 1949-ж. 26-ноябрда жаңы конституция кабыл алынып, И. республика болуп жарыяланган. Бул конституция 1950-ж. 26-январда (бул күн республика күнү деп белгиленет) күчүнө кирген. 1967-жылдагы шайлоонун жыйынтыгында И. Ганди өлкөнүн премьер-министри болуп калат. 14 ири жеке банк мамлекеттештирилип, монополиялар жөнүндө мыйзам кабыл алынат, көпчүлүк товарларды импортт-оого мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Индия өкмөтү ядролук ж-а космостук программаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, натыйжада 1974-жылы ядролук куралды сыноо жүргүзүлөт, 1975-жылы советтик космодромдон Индиянын биринчи спутниги «Арьябхата», 1979-жылы космостук ракетасы учурулат. Индус мусулман кагылышууларынын натыйжасында, 1984-жылы И. Ганди сикх террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Анын ордуна премьер-министр болуп И. Гандинин уулу Р. Ганди шайланат.
Р. Гандинин өкмөтү инвестицияларды электрондук өнөр жайды өнүктүрүүгө тартып, ошол эле учурда чет элдик фирмалардын филиалдарын ачтырууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жетишет. Индия АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөр м-н кызматташа баштаган. 80-жылдардын орто ченинен Түштүк Азия аймагында соода экономикалык байланыштарды жөнгө салууга багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлөт. 1991-жылы кезексиз өткөрүлгөн шайлоо компаниясынын учурунда Р. Ганди тамил террорчулары тарабынан өлтүрүлөт. Конгресстин жаңы лидери П. В. Нарасимха Рао премьер-министр болуп калган. 2004-жылдан Индиянын премьер-министри – Манмохан Сингх. 21-кылымдын башында өндүрүлгөн ИДПнин көрсөткүчү боюнча Индия – дүйнөдөгү экономикалык ири төрт державанын бири. Индия Кытай, Чыгыш ж-а Батыш Азия, Япония, АКШ өлкөлөрү м-н кызматташтыгын өнүктүрүүдө.
1985-жылдан Түштүк Азия аймактык кызматташтык ассоциациясынын курамында. Учурда Индия-Пакистан мамилелерин жөнгө салуу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлүүдө. 2005-жылдан ШКУга байкоочу катары катышат.
Чарбасы. Индия – өнөр жай, соодасы ж-а товардык акча мамилеси өнүккөн агр.-индустриялуу өлкө. Индиянын экономикасы жумушчу күчүнүн арзандыгы ж-а эмгектин жогорку маданияты м-н өзгөчөлөнөт. Индиянын азыркы экономикасына көп укладдуулук мүнөздүү. Айыл чарбасында чакан чарбалар басымдуулук кылып, ал өз алдынча иштеген калктын 60%ин камтыйт; өнөр жайында 23%и иштейт. Өлкө азык-түлүк м-н өзүн толук камсыз кылып, жылына 200 млн тдай дан эгинин өндүрөт. Ички ИДПдеги айыл чарбасынын ж-а балыкчылыктын үлүшү 18,5%, тейлөө чөйрөсүнүкү (курулуш м-н кошо) 55,1%, өнөр жайыныкы 26,4%. ИДПнин реалдуу өнүгүү темпи 2006–07-жылдарда 9,4%ти түзгөн (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда). ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Болжол м-н 250–300 млн адамдын жашоо деңгээли өнүккөн капиталисттик өлкөнүн көрсөткүчүнө тең келет. Индия ИДПнин деңгээли боюнча дүйнөдөгү 6 ири өлкөнүн катарына кирет. Ошол эле учурда расмий маалымат боюнча кирешеси жакырчылык чегинен төмөн болгон калк 22%тейди түзөт.
Өнөр жай – Индиянын экономикасынын маанилүү ж-а өнүгүп жаткан сектору. Өнөр жай продукциясынын наркынын 79,3%и иштеп чыгаруучу, 10,5%и тоо-кен, 10,2%и электр-энергетика тармактарына туура келет. Иштеп чыгаруучу өнөр жайынын маанилүү тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү, химия, нефть-химия ж-а фармацевтика, кара ж-а түстүү металлургия, текстиль ж-а тамак-аш. Энергияны пайдалануу структурасынын 54%ин көмүр, 32%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 8%ин табигый газ, 5%ин суу энергиясы, 1%ин атом энергиясы түзөт. Индиянын экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Көмүрдүн запасы 121,4 млрд т (Бихар, Мадхья-Прадеш, Батыш Бенгалия), жылына 430 млн т казылып алынат (2006–07). Нефть негизинен Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун шельфтеринен казылып алынат (2006–07-жылдарда 34 млн т), 112,6 млн т нефтини сырттан (негизинен Перс булуңунун жээгиндеги өлкөлөрдөн) сатып алат. Казылып алынган газ (31,6 млрд м3) ички керектөөнүн 1/2 ине жакынын канааттандырат; газ кендери Араб деңизинин ж-а Бенгал булуңунун жээктеринде ж-а Ассам штатында. Электр станцияларынын аныкталган жалпы кубаттуулугу (2007) 128,6 миң МВт, а. и. ЖЭСке 84,4 миң, АЭСке 3,9 миң, ГЭСке 34,1 миң, энергиянын калыбына келүүчү булактарына (шамал, күн) 6,2 миң МВт туура келет. 2006–07-жылдарда 663,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 79%и ЖЭСке, 17,6%и ГЭСке, 2,4%и АЭСке, 1%и башка (негизинен шамал) электр станцияларына таан-
дык. Өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 2006–07-жылдарда 722,2 млрд кВт түзгөн. 7 АЭС иштейт. Кара металлургия өнөр жайы темир (2006-жылы 99,4 млн т казылып алынган), хром (3255 миң т) ж-а марганец (1750 миң т) рудаларынын негизинде иштейт. Түстүү металлургиянын маанилүү тармагы – алюминий өнөр жайы; Индия жогорку сапаттагы бокситке бай, ал Орисса, Гужарат, Жаркханд, Мадхья-Прадеш ж. б. штаттарынан казылып алынат (13,1 млн т). Ошондой эле чопо (2700 миң т), жез (26,9 миң т), коргошун (255 миң т), цинк (440 миң т), титан рудалары, алтын (3200 кг) казылып алынат. Машина куруу – өнөр жайдын башкы тармагы (өнөр жай продукциясынын наркынын 18,5%и), ал чарбанын түрдүү тармактары үчүн машиналардын ж-а жабдуулардын көп түрлөрүн чыгарат. Алардын негизги продукциялары: буу казаны, буу, газ ж-а гидравликалык турбиналар, буу ж-а дизель генераторлору, турбина-генераторлор, күн сүрөт электр курулмасы, шамал энергетикалык курулмасы, туруктуу токтогу жогорку чыңалуудагы электр энергиясын берүү системасы, насос, компрессор, трасформатор ж. б. Машина куруу өнөр жайынын маанилүү тармагы – станок куруу; мында металл иштетүүчү станоктор, автоматтык линия ж-а өндүрүштүк комплекстер үчүн атайын станоктор, түрдүү устакана-пресстөөчү, ширетүүчү, куюучу жабдуулар даярдалат. Транспорттук машина куруунун ири ж-а тез өнүгүп жаткан тармагы – автомобиль өнөр жайынын ишканалары негизинен ички рыноктун муктаждыктарын канааттандырууга багытталып, автомобиль техникасынын дээрлик бардык түрүн, ошондой эле аларды комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү ж-а агрегаттарды чыгарат. Үч (моторикша, жүк ташуучу мини -машина) ж-а эки дөңгөлөктүү (мотоцикл, мотороллёр же скутер, мопед, ошондой эле велосипед) транспорт каражаттарын чыгаруу өнүккөн. Трактор чыгаруу (2006; 270 миң) боюнча дүйнөдө АКШ м-н Кытайдан кийинки 3-орунду ээлейт. Темир жол локомотивдерин, аларга тетиктерди ж-а агрегаттарды, электровоздорду ж-а пассажир ташуучу электр поезддерин чыгарат. Авиаракета-космостук өнөр жайы – машина куруунун эң татаал ж-а илим сыйымдуу тармагы. Анда самолёт, вертолёт, авиакыймылдаткычтар, ракета даярдалат. Үч космодрому (Андхра-Прадеш, Керала, Орисса штат-
тарында) бар. Кеме куруу – транспорттук машина куруунун өнүккөн тармагы. Анда ири деңиз кемелери, дарыя кемелери, баржа, балык уулоочу траулер, танкер, жүк ташуучу кеме даярдалат. Мамлекеттик ири верфтери – Кочин, Вишакхапатнам, Мумбаи, Васко-да Гама шаарларында жайгашып, аларда бүт кеме түрлөрү, анын ичинде аскер кемелери, ракеталуу крейсерлер ремонттолуп, жабдылат. Химия тармагы өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 15%ин түзүп, анда түстүү пигменттер ж-а боёктор, көмүртек көөсү, пластиктер ж-а пластик буюмдар, жасалма ж-а синтездик булалар, кир кетирүүчү каражаттар, косметика товарлары, пестициддер, жарылгыч заттар, пиротехникалык буюмдар ж. б. чыгарылат. Нефть-химия өнөр жайы пластмасса, синтездик була, синтездик каучук, резина буюмдарын (анын ичинде шина), лак боёк продукцияларын ж. б. чыгаруучу ишканалардан турат. Минералдык жер семирткичтер арбын (2005–06-жылдарда 35 млн т) чыгарылат. Индиянын фармацевтика өнөр жай өдүрүшүнүн көлөмү (дүйнөлүк өндүрүштүн 8%и), ошондой эле ишканаларынын технологиялык деңгээли боюнча өлкөдө алдыңкы абалды ээлеп, фармацевтикалык бирикмелердин 300гө жакын түрүн, даяр дары-дармектин (антибиотиктер, антибактериялык дарылар, вакциналар, гормондор, өсүмдүк дарылары ж. б.) 20 миңдей аталышын чыгарат. Индиянын дары-дармектери дүйнөлүк рынокто жетишерлик сапаттуулугу ж-а арзандыгы м-н бааланат. Алмазга кыр чыгаруу ж-а зер буюмдарын жасоо – Индиянын салт болуп калган тармагы. Башкы зергерчилик борборлору: Сурат, Жайпур. Курулуш материалдар өнөр жайында цемент, слюда (дүйнөлүк рынокко да чыгарат) өндүрүштөрү алдыңкы орунда. Жеңил өнөр жайынын башкы тармактары: кездеме ж-а даяр кийим өндүрүштөрү (өнөр жай продукциясынын наркынын 1/5 и). Индия кебез кездеме чыгаруу (2005– 06-жылдарда 50 млрд м2) ж-а андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө 2-орунду ээлейт. Текстиль ж-а тигүү өнөр жайы ИДПнин 8%ин ж-а өлкөнүн товардык экспорт наркынын 15%ин камсыз кылат. Анын сырьёсу катары накта (пахта, зыгыр, жут, жибек, жүн), ошондой эле жасалма була (полиэстер, вискоза, нейлон, акрил ж. б.) пайдаланылат. Индия жибек өндүрүү боюнча дүйнөдө 2-орунда (Кытайдан кийин). Тамак-аш өнөр жайынын башкы тармагы – кант өндүрүшү (бал камыштан); ошондой эле сүт, жашылча ж-а жемиш, дан, эт, балык, кофе данын, чай жалбырагын иштетүү, даяр азык-түлүк, чала фабрикат, таза суу өндүрүштөрү.
Индиянын улуттук экономикасынын өнүгүүсүндө мамлекеттик сектордун мааниси зор. Мамлекеттик сектордо нефтини казып алуу ж-а кайра иштетүү, таш көмүр казып алуу, электр энергиясын ж-а болот өндүрүү ишканаларынын үлүшү зор. Мамлекеттик сектор негизинен коргоо өнөр жайында, атом энергетикасында, темир жол, авиация ж-а деңиз транспортторунда, байланышта үстөмдүк кылат. Жеке сектор машина куруу өнөр жайында, айыл чарбасында, жеңил, тамак-аш, медицина өнөр жайларында, курулушта, соодада, автомобиль транспортунда басымдуу.
ИДПде айыл чарбасынын ж-а ага байланыштуу тармактардын үлүшү зор (1/3 и). Айыл чарбасында өлкөнүн жумушчу күчүнүн 2/3 ге жакыны иштейт. Индия көз карандысыздыкты алгандан кийин, 30 жыл бою АКШдан жылына 12–15 млн тга чейин буудай сатып алып турган. Айдоо жерлердин күрдүүлүгүн жакшыртуу боюнча программага ылайык, жогорку сорттогу үрөндү кеңири пайдалануунун ж-а айыл чарба өндүрүшүн жакшы каржылоонун натыйжасында 1970-жылдардан баштап сырттан буудай сатып албай калды.
Өлкөнүн аймагынын 51,6%и иштетилет: анын 48,8%и айдоо жер, 2,8%и көп жылдык өсүмдүктөр. Индия – байыркы ирригация өлкөсү; сугат жеринин аянты (55,8 млн га) боюнча дүйнөдө 1- орунда. Сугат жердин 60%тен ашыгы кудуктардан (электр насостору аркылуу), 30%тейи мамлекеттик ирригациялык каналдардан, калган жерлери чакан жасалма көлмөлөрдөн сугарылат. Дыйканчылык (айдоо жердин 60–70%и) Инд-Ганг
түздүгүндө ж-а Годавари, Кришна, Кавери дарыяларынын дельталарында ж-а өлкөнүн океан жак чыгыш жээктериндеги түздүктөрдө өнүккөн. Айыл чарбасынын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн агроклиматтык шарты жыл бою дыйканчылык жүргүзүүгө шарт түзөт; бирок кургакчыл мезгилде нымдын жетишсиздигинен айдоо жердин 1/3 ине жакыны гана кайра эгилгендиктен (45–50 млн га), эгин жыйноонун жалпы аянты 190 млн ганы гана түзүп калат. Индияда 2 айыл чарба сезону болот: 1) жайкы жаанчыл негизги сезон (хариф; майдын аягы, июндун башы – сентябрь– ноябрь), мында түшүмдүн негизги бөлүгү жыйналат; 2) кургакчыл кышкы сезон (раби; октябрь-ноябрь – март-апрель). Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (айдоо аянтынын 1/4 инен көбүн ээлейт, эң нымдуу аймактарда өстүрүлөт, 2006–07-жылдарда 87 млн т күрүч жыйналган; дүң жыйымы боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), буудай (айдоо аянтынын 1/8 и; 70 млн т жыйналат; дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), жүгөрү (15 млн т ), таруу (жовар, бажра, раги ж. б., көбүнчө Декан бөксө тоосунун ички аймактарында); бардык жеринде чанактуулар (кой буурчак, грэм, тур ж. б.) ж-а май алынуучу өсүмдүктөр (28 млн т; жер жаңгак, клещевина, сары кычы, рапс ж. б.) өстүрүлөт. Бал камыш (278 млн т жашыл масса жыйналган, Бразилиядан кийинки 2-орунда; Түндүк Индияда), жер жаңгак (негизинен Түштүк Индияда) ж-а чай (Брахмапутранын өрөөнүндөгү ж-а Чыгыш Гималайдын этегиндеги плантациялардан жыйналат), ошондой эле жут (2/4 бөлүгүн Батыш Бенгалия берет), клещевина (Түштүк Индия), пахта (негизги аймактары Батыш Индиядагы Декан траппы ж-а Пенжаб; аянты боюнча дүйнөдө 1-орунда; 3,3 млн т жыйналган) өндүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орундар-
да. Түштүк Индияда чай, кофе, каучук, кокос пальмасы, татымалдар (калемпир, имбирь, кардамон ж. б.) өстүрүлөт. 2000-жылы 240 млнго жакын бодо мал (анын ичинде 90 млну буйвол; саны боюнча дүйнөдө 1-орунда; негизинен унаа катары пайдаланылат), 123 млн эчки ж-а 58 млн кой, ошондой эле 12 млн чочко, 142 млн төө (дүйнөдөгү малдардын 1/5 и), 200 млн үй кушу асыралат. Деңиз жээгиндеги аймактарда балык кармалат; балык кармоонун
өлчөмү боюнча (6,6 млн т , анын ичинде деңиз балыктары 3,8 млн т ) дүйнөдөгү 5 алдыңкы өлкөнүн катарына кирет. Ошондой эле краб, креветка, мидия, устрица ж. б. кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү тармактары – маалымат технологиясы, каржылоо, соода, транспорт, байланыш ж-а телекоммуникация ж-а туризм индустриясы. 21-кылымдын башында маалымат технологиясы секторунда ИДПнин 5,4%ин түзүп, анда 1,63 адам иштеген (2006–07). Бул сектордун башкы сегменти – программалык камсыздоо өндүрүшү, ал негизинен экспортко багытталган. Банк-финансы секторундагы маанилүү орун банк-кредиттик мекемелердин мамлекеттик ж-а мамлекеттик-кооперациялык системасына таандык. Мамлекеттик коммерциялык 28 банк иштейт (ага өлкөнүн бүт коммерциялык банктарынын бөлүмдөрүнүн, аманаттарынын ж-а кредиттеринин 80%тен ашыгы таандык. Алардын алдында айылдык 196 туунду банк иштеп, айыл калкын кредит м-н камсыз кылат. Мамлекеттик сектор өнөр жайды узак мөөнөткө каржылоо системасында дээрлик монополиялык кылат. Чет элдик туризм өнүгүүдө; 2005–06-жылдарда Индияга 3,5 млндон ашык турист келген; анын 14%и АКШдан, 13,6%и Улуу Британиядан, 4%и Шри-Ланкадан, 3,8%и Франциядан, 3,5%и Канададан, 2,9%и Германиядан, 2,9%и Япониядан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 6 млрд долларды түздү. Ички туризм да өтө өнүккөн: өлкө боюнча жылына 367,6 млн индиялыктар саякатка чыгат. Туризмдин негизги түрлөрү: диний зыяратка баруу, маданий-таанып билүү (туристтер көп келген шаарлары: Мумбаи, Калькутта, Дели, Бангалор, Ченнаи), дарылоочу-ден соолук чыңдоочу (Гоа, Керала, Карнатака, Махараштра штаттарындагы деңиз курорттору; Даржилинг тоо-климаттык курорту ж. б.), спорттук (альпинизм, Гималайдын тоо дарыяларындагы рафтинг; Гималайдын этек тоолорундагы тоо-лыжа борборлору; суу спортунун түрлөрү, анын ичинде Гоадагы дейвинг), экологиялык (өлкөнүн улуттук парктарына баруу) ж. б. Автомобиль жолунун узундугу боюнча дүйнөдө 2- (АКШдан кийин), темир жол боюнча 4-орунда (АКШ, Россия, Кытайдан кийин). Бирок, Индиянын транспорттук системасы техникалык жактан анча өнүккөн эмес, транспорт ылдамдыгы чектелүү. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 3320 миң км (2007), анын ичинде шоссе жолунуку 66,6 миң км (жогорку ыл-
дамдык автомагистралыныкы 4,9 миң км, көп бөлүгүндө акча төлөнөт), штаттардын жолу 128 миң км, округдардын башкы жолдору 470 миң км, айыл ж. б. жолдору 2650 миң км. Темир жол тармагынын жалпы узундугу 63,46 миң км (2007); анын 17,81 миң кми электрлештирилген. Индия темир жол аркылуу Пакистан, Бангладеш, Непал м-н да байланышат. Сыртка жүк ташууда деңиз транспортунун мааниси зор (Азияда 2- орунда). 12 ири, 180 орто ж-а чакан деңиз порту, пристандары бар. Кеме жүрүүчү дарыялардын ж-а каналдардын жалпы узундугу 14,5 миң км; ири кеме жүрүүчү дарыя жолдорунун узундугу 5,2 миң км, каналдарыныкы 485 км. Расмий эл аралык ж-а 85 ички аэропорту бар. Эл аралык ири аэропорттору Мумбаи, Дели, Ченнаи, Бангалор, Калькутта, Хайдарабад шаарларында жайгашкан. Нефть куурунун узундугу 6500 км, нефть продуктусун өткөрүүчү куурдуку 6152 км, газ куурунуку 5184 км. Калькутта, Дели, Бангалор шаарларында метрополитен иштейт.
Сырткы соода таңкыстыгын толуктоодо тейлөө кызматын экспорттоодон түшкөн ж-а чет өлкөлөрдө иштеген индиялыктар жиберген кирешенин (24,5 млрд доллар, 2006) мааниси зор. Экспорттук товарлары: машина, жабдуу, асыл таштар, даяр зер буюмдары, нефть продукциясы, химия ж-а фармацевтика продукциялары, булгаары, булгаары ж-а текстиль буюмдары, темир кенташы ж. б. кенташтар ж-а минералдар, күрүч, чай, татымалдар, кофе ж. б. Импорттук товарлары: отун (нефть, ж-а нефть продукциясы, көмүр), машина ж-а жабдуулар, компьютер техникасы ж. б. электроника продукциялары, чоюн, болот, металл сыныктары, түстүү металлдар ж-а куймалар, алтын, күмүш, асыл таштар ж-а бермет, химиялык продукциялар, жер семирткич, өсүмдүк майы ж. б. Негизги соода шериктери: АКШ, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Сингапур, Улуу Британия, Гонконг, Германия, Бельгия, Италия, Япония, Швейцария, Австралия, Түштүк Корея.
Маданияты. Индиянын билим берүү мекемелерине билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүүдөгү улуттук саясат» (1986), «Аракет программасы» (1986) жана алардын жаңыртылган варианты (1992) менен жөнгө салынат. Индиянын билим берүү системасы 1983-жылдан мектепке чейинки билим берүү, баштапкы, толук эмес орто, кесиптик-техникалык билимге даярдоо, жогорку окуу жайлары билим берүүнү камтыйт. Мектепте 15 жашка чейинки балдар үчүн билим берүү милдеттүү жана акысыз. Ири шаарларда бала бакчалар, кенже балдар үчүн мектептер, ошондой эле мектепке даярдоочу топтор бар. Мектепке чейинки билим берүү 36%ды, баштапкы – 90%ды, орто – 54%ды түзөт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 61% (2004).
Өлкөдө жогорку билим берүү бир кыйла ийгиликтерге жетишти. 1950-жылы 25 университет, 700 коллеж болсо, 2006-жылы 240 университет жана 10 000 коллеж болгон. Жогорку окуу жайларда 4 млндон ашуун адам билим алган. Жогорку билимдүү адистердин саны боюнча Индия дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Өлкөдө сабаттуулар орто эсеп менен 62%ды түзөт. Негизги университеттери: Калькутта университети (1857; 13 кампус, 200дөн ашуун коллежи, искусство музейи, обсерваториясы бар), Ченнай, (1857) Дели (1922), Раджастхан (1947), Ж. Неру (1969) жана башка университеттери, ири жогорку окуу жайлары: Индия айыл чарба изилдөө институту (1905), долбоорлоо жана архитектура мектеби (1955), Индия технология институту (1961) жана башкалар. 2006-жылкы маалыматтар боюнча, Индияда 62550 басылма 142 млндон ашык нускада, 81 тилде (хинди, англис, бенгали, маратхи, урду, гуджарати жана башкалар) жарык көрөт. Хинди тилинде «Нав бхарат таймс», «Хиндустан», урду тилинде «Наи дуния», «Милап», англис тилинде «Таймс оф Индиа», «Индиан экспресс», «Хиндустан таймс» гезиттери чыгат. «Акашвани» радиосу, «Дурдаршан» телекөрсөтүүсү өкмөт тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Индия – терең тарыхы бар, маданияты бай өлкө. Биздин заманга чейинки III кылымда эле Инд өрөөнүндө сугат каналдары, суу жүргүч системалар, бышкан кыштан салынган имараттар болгон. Илим тажрыйбасы жөнүндөгү маалыматтар Ведалар деп аталган булактарда кездешет. Аларда дыйканчылыкта жер семирткич, ар кандай курал-жарак жасоодо темир колдонулганы, металл иштетүү, оорулардын түрлөрү, алардын белгилери, дары чөптөр жөнүндө маалыматтар бар.
Инди маданияты Маурьялар династиясы бийлеген мезгилден (биздин заманга чейинки IV–II кылым) биздин замандын VIII кылымына чейин гүлдөп өнүккөн. Бул мезгилде грамматика, медицина, математика, астрономия жана башка тармактар боюнча тажрыйба топтолгон. Илимге эсептөөнүн ондук системасын ошол кездеги инди илимпоздору киргизген. Физика менен химия боёк, дары-дармек даярдоодо жана башкаларда колдонулган. Медицинада да чоң ийгиликтер жаралган: дарыгерлер көз катарактасын алып таштаганды, баш сөөктү көзөп операция кылганды, баланы операция жолу менен алганды билген. Илим Акбардын (1556–1605) тушунда да жакшы өнүгүп, Дели, Жайпур жана башка шаарларда обсерваториялар салынган. XVIII кылымдын орто ченинен өлкөнү европалыктардын колониялай башташы илимдин өнүгүшүнө кедерги болгон. Бирок Индия илимине Индияда жашаган У. Жонс, Т. Олдем, У. Блэнфорд жана башка англис илимпоздору да көп эмгек сиңирген. XIX кылымдын аяк ченинде индиялык тунгуч илимпоздор – математиктер, физиктер, геометрия боюнча адис А. Мукержи, физик, биофизик Ж. Ч. Бос чыккан. XX кылымдын 1-жарымында математик С. Раманужан, Нобель сыйлыгынын лауреаты физик Ч. В. Ра, кванттык статистиканы баштоочулардын бири Ш. Бозе, физик теоретик Х. Баба жана башкалар илимге жаңылыктарды киргизишкен.
Индиянын философия, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери биздин заманга чейинки XV–X кылымдардан ушул күнгө чейин сакталып келе жатат. Алар адамзаттын эң байыркы маданиятынын мезгилинде пайда болгон. 3000 жыл илгери Ведалар – байыркы индо тилиндеги байыркы тексттер, биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда «Махабхарата» жана «Рамаяна» эпостору жаралган. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта пали, пракрит адабияты, биздин заманга чейинки IV–III кылымдарда байыркы тамил адабияты пайда болгон. Cанскрит тилинде «Панчатантра» элдик жомоктор жыйнагы түзүлгөн. Тируваллувардын «Тирукурал» учкул сөздөр китеби – байыркы тамил адабиятынын эң мыкты чыгармасы. Анда даанышман башкаруучунун образы чагылдырылган. Өлкөдө исламдын таралышы фарс тилиндеги инди адабиятынын (Амир Хосров Дехлеви, 1253–1325; Мирза Бедил, 1644– 1721 жана башкалар) түзүлүшүн шарттаган. XIX–XX кылымдарда адабияты өлкөдө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү чагылдырган. Китеп басуунун пайда болушу, жазуусу жок элдердин жазууга ээ болушу бул тилдерде адабияттын өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Бенгал акыны Р. Тагор Азияда биринчи жолу Нобель сыйлыгын алган (1913). Индияда улуттук тилдеги адабият менен бирге англис тилиндеги адабият да өнүккөн.
Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарынын архитектурасынан башталат. Биздин заманга чейинки IV–II кылымдарда Маурья мамлекетинде санжыргалуу сарай имараттары салынган. XIII кылымдан Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен; жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн.
Мусулман мечиттери, кумпалуу күмбөздөр, мунаралар салынган. Улуу Моголдор мамлекетинин тушунда (XVI–XVII кылымдар) Агар, Дели шаарларынын чептери, мечиттер, Таж-Махал ак мармар күмбөзү жана башкалар курулган. Колониялык бийликтин мезгилинде (XVIII кылым–1947) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги имараттар пайда болгон. Орто кылымдарда Индияда миниатюра живописи өнүккөн. XIX–XX кылымдардын чегинде башында А. Тагор жана искусство таануучу Э. Б. Хавелл турган индиялык сүрөтчүлөр жаңы агымга – Бенгал кайра жаралуусуна негиз салышкан. Бул агым Индия искусствосунун андан ары өнүгүшүнө күчтүү таасир тийгизген.
Индия музыкасына импровизация мүнөздүү. Кайсы гана аспаптык жана вокалдык чыгарма болбосун ыргактуу салттык үн айкалыш – раганын негизинде импровизацияланат. Улуттук негизги аспаптары: вина, сестар, тамбура (чертме), равнстр, саранги, сареида (кыл кыяк түрү), табля, баниа (урма). 1950-жылдарда музыка, бий жана драма академиясы (1953), Бүткүл индиялык радионун улуттук оркестри (1952), Дели, Бомбей шаарында радио борборлорунда хор коллективдери түзүлгөн.
Театр оюндары байыртан эле пайда болгон. Элдик театр оюндарынын көбүнүн өзөгүн «Рамаяна» жана «Махабхарата» түзгөн. Индия театр спектаклдеринде сюжет оюн аркылуу гана туюндурулбай, аткаруучунун декламация, бий, пантомима, акробатика аркылуу да берилет. XX кылымдын 40-жылдарында театр өнөрү өркүндөгөн жана 1953-жылы Индия искусство борбору негизделген.
Индия көркөм тасмаларды тартуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тасма тартуу иши 1913-жылдан эле башталган. Р. Капурдун «Селсаяк» тасмасында элдин турмушу реалдуу чагылдырылып, касталык көз караш сынга алынган. 1950-жылдардын экинчи жарымынан режиссёр Сатьяджит Рей Индия киносун дүйнөгө тааныткан («Жол ыры», 1955, Каннадагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы; «Багынбаган», 1956, Венециядагы эл аралык кинофестивалдын сыйлыгы жана башкалар). Индия киносунун жүрүшүнө Ш. Бенегал («Түндүн акыры», 1975; «Базар аянты», 1983), А. Гопалакришнан («Бетме бет», 1984; «Дубалдар», 1990), Р. Гхош («19-апрель», 1994), М. Наяр режиссер «Жамгыр маалындагы үйлөнүү тою», 2001) жана башкалар чоң салым кошушкан. Голливуд кино индустриясы жана 9 кино өндүрүш борбору иштейт. Эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Ад.: Рябчиков А. М. Природа Индии. М., 1950; Антонова К. А., Бонгард-Левин Г. М., Котовский Г. Г. История Индии. М., 1979; Сингх Г. География Индии. М., 1980; Экономика Индии: отраслевой анализ. М., 1980; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Гусева Н. Р. Многоликая Индия. М., 1987; Бонград-Левин Г. М. Древнеиндийская цивилизация. М., 1993; Индия сегодня. Справочно-аналитическое издание. М., 2005; Маляров О. В. Внешняя торговля Индии. М., 2006; Индия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008; Миллер М. Шесть систем индийской философии. М., 1900; Краткая история литератур Индии. М., 1974; Короцкая А. А. Сокровища индийского искусства. М. 1966; Ольденбург С. Ф. Культура Индии. 2-е изд. М., 2004; Деева Б. Ч. Индийская музыка. М., 1980; Драматургия и театр Индии. М., 1961; Кино Индии / Под ред. М. Л. Салганин. М., 1987; Индия сегодня. М., 2005.
Б. Мудаева, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.