ИМАНАЛИЕВ Таалайбек: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИМАНАЛИЕВ to ИМАНАЛИЕВ Таалайбек) |
(Айырма жок)
| |
03:27, 19 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИМАНАЛИЕВ Таалайбек Мурзабекович (10. 3. 1965-жылы туулган, Фрунзе) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (2001), дифференциалдык теңдемелер ж-а компьютердик математикалык пакеттер боюнча адис. КМУну (1988) бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы (1997–98), доцент (2003–07), 2001-жылдан колдонмо математика ж-а информатика кафедрасында профессор, 2003–07-жылдарда Пакистан Улуттук университетинде профессор болуп иштеген. 80ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Иманалиев – 1985-жылдан шахмат боюнча спорт чебери. Көп жолу эл аралык турнирлерге ж-а олимпиадаларга катышкан.
Эмг.: Метод дополнительного аргумента в теории нелинейных волновых уравнений в частных производных (авторлош). Б., 1995.