ИМАНАЛИЕВ Таалайбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВ Таалайбек Мурзабекович (10. 3. 1965-жылы туулган, Фрунзе) – математик, физика-мате­матика илимдеринин доктору (2001), дифференциал­дык теңдемелер ж-а компьютердик математикалык па­кеттер боюнча адис. КМУну (1988) бүтүргөн. КМУда окутуучу, кафедра башчысы (1997–98), до­цент (2003–07), 2001-жылдан колдонмо матема­тика ж-а информатика кафедрасында профессор, 2003–07-жылдарда Пакистан Улуттук университетинде профессор болуп иштеген. 80ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Иманалиев – 1985-жылдан шахмат боюнча спорт чебери. Көп жолу эл аралык турнирлерге ж-а олимпиадаларга катышкан.

Эмг.: Метод дополнительного аргумента в теории нелинейных волновых уравнений в частных произ­водных (авторлош). Б., 1995.