ИСТОРИЗМ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСТОРИ́ЗМ</b> (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубу­луштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби. Историзм – диалектикалык ыкманын ажы­рагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философия­да ал идеализмдин, механизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны би­ринчи жолу илимий жактан ырааттуу иштеп чы­гышкан. Историзм бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап тур­ган конкреттүү тарыхый шарты менен кошо изил­дөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири менен байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. Историзм дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тары­хый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алар­дын кантип пайда болгонун жана өзгөргөнүн, азыркы жана келечектеги абалын аныктоо зарыл­дыгын белгилейт. Историзм тарыхты конкреттүү изил­дебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылган­га каршы чыгат. | <b type='title'>ИСТОРИ́ЗМ</b> (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубу­луштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби. Историзм – диалектикалык ыкманын ажы­рагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философия­да ал идеализмдин, механизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны би­ринчи жолу илимий жактан ырааттуу иштеп чы­гышкан. Историзм бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап тур­ган конкреттүү тарыхый шарты менен кошо изил­дөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири менен байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. Историзм дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тары­хый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алар­дын кантип пайда болгонун жана өзгөргөнүн, азыркы жана келечектеги абалын аныктоо зарыл­дыгын белгилейт. Историзм тарыхты конкреттүү изил­дебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылган­га каршы чыгат. | ||
[[Категория:3-том, 607-672 бб]] | [[Категория:3-том, 607-672 бб]] | ||
09:36, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСТОРИ́ЗМ (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубулуштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби. Историзм – диалектикалык ыкманын ажырагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философияда ал идеализмдин, механизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны биринчи жолу илимий жактан ырааттуу иштеп чыгышкан. Историзм бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап турган конкреттүү тарыхый шарты менен кошо изилдөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири менен байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. Историзм дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алардын кантип пайда болгонун жана өзгөргөнүн, азыркы жана келечектеги абалын аныктоо зарылдыгын белгилейт. Историзм тарыхты конкреттүү изилдебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылганга каршы чыгат.