ИСТОРИЗМ
ИСТОРИ́ЗМ (лат. historia – тарых; өткөндөр тууралуу баян) – объективдүү дүйнөдөгү кубулуштардын пайда болушун, өнүгүшүн конкреттүү тарыхый шарттар менен байланышта изилдөө принциби. Историзм – диалектикалык ыкманын ажырагыс бөлүгү. Марксизмге чейинки философияда ал идеализмдин, механизмдин негизинде түшүндүрүлгөн. Марксчыл философтор аны биринчи жолу илимий жактан ырааттуу иштеп чыгышкан. Историзм бардык кубулуштарды өз ара ички аракетте, байланышта карайт. Түшүнүү зарыл болсо, кандайдыр бир кубулушту курчап турган конкреттүү тарыхый шарты менен кошо изилдөө талап кылынат, себеби дүйнөдө бири-бири менен байланышсыз обочолонуп турган эч нерсе жок. Историзм дүйнөдөгү бардык кубулуштарды тарыхый өнүгүүнүн натыйжасы катары карап, алардын кантип пайда болгонун жана өзгөргөнүн, азыркы жана келечектеги абалын аныктоо зарылдыгын белгилейт. Историзм тарыхты конкреттүү изилдебей, өткөндүн фактыларын ошол кездеги шарттарга байланышсыз караганга, чындыкты бурмалап, жансыз схемаларды сунуш кылганга каршы чыгат.