КАЗЫНАЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗЫНАЧЫЛЫК</b> (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамында­гы же ага караштуу атайын | <b type='title'>КАЗЫНАЧЫЛЫК</b> (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамында­гы же ага караштуу атайын мамлекеттик орган. АКШда казыначылык финансы министрлигинин департаменти‚ Францияда финансы министрлигинин казыначылык баш­кармалыгы катары иштейт‚ Улуу Британияда финансы министрлигинин курамына кирет. Россияда 1863-жылдан уюшулган‚ кийин фи­нансы министрлигинин курамында департамент болуп түзүлгөн. CCCРде <i>мамлекеттик бюджет­тин</i> кассалык милдетин CCCР Мамбанкы ат­карган. Кыргызстанда КР финансы министрлигинин казыначылыгы Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февра­лындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде казыначылыкты түзүү жөнүн­дө» ж-а 1994-жылдын 24-мартындагы «Кыр­гыз Республикасынын финансы министрлигин­де борбордук казначылыкты жана анын регион­дук бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык түзүлгөн. Казыначылыктын негизги милдеттерине мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү ж-а анын аткарылышын <i>башкаруу‚ мамлекеттик карыз­ды‚ мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссия­сын</i> башкаруу кирет. Казыначылык <i>салыктын‚ бажы алы­мынын</i> ж. б. <i>бюджетке</i> түшүшүн көзөмөлдөйт ж-а бекитилген ассигнованиелерге ылайык бюд­жеттик каражаттарды берет. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:57, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗЫНАЧЫЛЫК (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамындагы же ага караштуу атайын мамлекеттик орган. АКШда казыначылык финансы министрлигинин департаменти‚ Францияда финансы министрлигинин казыначылык башкармалыгы катары иштейт‚ Улуу Британияда финансы министрлигинин курамына кирет. Россияда 1863-жылдан уюшулган‚ кийин финансы министрлигинин курамында департамент болуп түзүлгөн. CCCРде мамлекеттик бюджеттин кассалык милдетин CCCР Мамбанкы аткарган. Кыргызстанда КР финансы министрлигинин казыначылыгы Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде казыначылыкты түзүү жөнүндө» ж-а 1994-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде борбордук казначылыкты жана анын региондук бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык түзүлгөн. Казыначылыктын негизги милдеттерине мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү ж-а анын аткарылышын башкаруу‚ мамлекеттик карызды‚ мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясын башкаруу кирет. Казыначылык салыктын‚ бажы алымынын ж. б. бюджетке түшүшүн көзөмөлдөйт ж-а бекитилген ассигнованиелерге ылайык бюджеттик каражаттарды берет.