КАЗАРМАН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗАРМАН</b> – Жалал-Абад | <b type='title'>КАЗАРМАН</b> – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак, райондун борбору. Карга­лык айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 <i>м</i> бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 <i>км</i>. Багыш темир жол бекетинен 106 <i>км</i>. 1916-жылга чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 11,1 миң (2022). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташ­кан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казар­ман деп атап калган. Төрт орто мектеп, ки­тепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мек­теби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бе­тон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механика­лаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:58, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЗАРМАН – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак, райондун борбору. Каргалык айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 км. Багыш темир жол бекетинен 106 км. 1916-жылга чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 11,1 миң (2022). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казарман деп атап калган. Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.