КАБАРДАЛАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАБАРДАЛАР</b> (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар | <b type='title'>КАБАРДАЛАР</b> (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россия­нын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймак­тарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа ж-а Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичинде Кабарда-Балкарияда 498,7 миң киши (2008). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусул­ман-сунниттер, моздоктук кабардалар православие ди­нин тутушат. Этностук негизин адыгелер ж-а черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары – Түндүк ж-а Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зих­тер (1–6-кылымдар), черкестер (13–19-кылымдар). Кабардалар 13–15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-жылы кабардалар өз ыктыяры м-н орус мамлекетинин курамына | ||
черкестер түзөт. | |||
өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557- | |||
[[File:КАБАРДАЛАР50.png | thumb | none]] | [[File:КАБАРДАЛАР50.png | thumb | none]] | ||
кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал | кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагыныш­кан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимде­ри алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – не­гизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук ката­ры максым кеңири колдонулат. | ||
чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагыныш­кан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимде­ри алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – не­гизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук ката­ры максым кеңири колдонулат. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:01, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАБАРДАЛАР (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймактарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа ж-а Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичинде Кабарда-Балкарияда 498,7 миң киши (2008). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер, моздоктук кабардалар православие динин тутушат. Этностук негизин адыгелер ж-а черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары – Түндүк ж-а Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зихтер (1–6-кылымдар), черкестер (13–19-кылымдар). Кабардалар 13–15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-жылы кабардалар өз ыктыяры м-н орус мамлекетинин курамына

кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимдери алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук катары максым кеңири колдонулат.