КАБАРДАЛАР
КАБАРДАЛАР (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россиянын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймактарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа ж-а Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичинде Кабарда-Балкарияда 498,7 миң киши (2008). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусулман-сунниттер, моздоктук кабардалар православие динин тутушат. Этностук негизин адыгелер ж-а черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары – Түндүк ж-а Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зихтер (1–6-кылымдар), черкестер (13–19-кылымдар). Кабардалар 13–15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-жылы кабардалар өз ыктыяры м-н орус мамлекетинин курамына

кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимдери алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук катары максым кеңири колдонулат.