КААБА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КААБА</b> (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд | <b type='title'>КААБА</b> (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд Арабиясынын Мекке (Мекка) шаарындагы мусул­мандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын бийиктиги 15 <i>м</i>, узундугу | ||
Арабиясынын Мекке (Мекка) | |||
[[File:КААБА42.png | thumb | none]] | [[File:КААБА42.png | thumb | none]] | ||
13 <i>м</i>, туурасы 12 <i>м</i>, | 13 <i>м</i>, туурасы 12 <i>м</i>, пайдубалы мра­мордон, дубалы боз таштан тургу­зулган. Чыгыш та­рабына Алла ас­мандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. Каабанын үстүнө Курандын алтын жип м-н жазылган аятта­ры бар кара жа­буу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле каабага арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйы­нып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жат­канда кааба тарапка (кыбылага) карап турууга ти­йиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Каабанын жа­нында Ыйык Замзам суусу (Земзем булагы) бар. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге барып, ажы болуп келген кыргыздардын саны арбууда. | ||
«кара таш» кошо | |||
коюлган. | |||
үстүнө Курандын | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:03, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
КААБА (ар. кааба – куб, төрт чарчы) – Сауд Арабиясынын Мекке (Мекка) шаарындагы мусулмандар (сунниттер) зыярат кылуучу Ыйык мечиттин короосунда жайгашкан имарат. Анын бийиктиги 15 м, узундугу

13 м, туурасы 12 м, пайдубалы мрамордон, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Алла асмандан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо коюлган. Каабанын үстүнө Курандын алтын жип м-н жазылган аяттары бар кара жабуу жабылган. Мухаммед пайгамбар исламды жаңы дин катары жарыялаганга чейин эле каабага арабдардын курейш ж. б. уруулары сыйынып турушкан. Мусулмандар намаз окуп жатканда кааба тарапка (кыбылага) карап турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Каабанын жанында Ыйык Замзам суусу (Земзем булагы) бар. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге барып, ажы болуп келген кыргыздардын саны арбууда.