ИШКЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИШКЕР</b> – кандайдыр бир пайдалуу иш баштоо­го ж-а жүргүзүүгө жөндөмдүү‚ жаңы товар‚ кыз­мат көрсөтүү‚ технология‚ жаңычыл идея‚ ка­питал салуу чөйрөсү түрүндө мурда белгисиз бол­гон жаңы рынок мүмкүнчүлүктөрүн издөөчү ж-а ишке ашыруучу чарбакер. | <b type='title'>ИШКЕР</b> – кандайдыр бир пайдалуу иш баштоо­го ж-а жүргүзүүгө жөндөмдүү‚ жаңы товар‚ кыз­мат көрсөтүү‚ технология‚ жаңычыл идея‚ ка­питал салуу чөйрөсү түрүндө мурда белгисиз бол­гон жаңы рынок мүмкүнчүлүктөрүн издөөчү ж-а ишке ашыруучу чарбакер. «Ишкер» түшүнүгү «капиталист»‚ «башкаруучу»‚ «фабрикант» ж. б. түшүнүктөр м-н маанилеш. «Ишкер» терминин ба­тыш экономика илиминде алгач 18 кылымда бизнес теоретиги Р. Катильон (Франция) пайдаланган. Ишкердин системалаштырылган концепциясын И. Шумпетер (АКШ) өзүнүн «Экономикалык өнүгүүнүн теориясы» деген эмгегинде иштеп чыккан. Ишкерге өз кызыкчылыгы гана эмес‚ коомдук керектөө да таандык болууга тийиш‚ ансыз ал ишкер боло албайт. Ишкердин ролун А. Cмит мындай деп белгилеген: «Өз кызыкчылыгын көздөө м-н ал коомдун кызыкчылыгына көбүрөөк кызмат өтөйт». Ишкер майда менчик ээси‚ АКтын башкаруучусу‚ кооператор‚ ижарачы болушу мүмкүн. Алардын бардыгына чыгармачылык‚ демилгелүүлүк‚ кадыр-барк ж. б. мүнөздүү. Ры­нок экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ири‚ орто ж-а чакан ишкердик иштейт. Кыргызстанда жагым­дуу шарт түзүүнү талап кылган орто ж-а чакан ишкердик басымдуу, ири ишкерлер да көбөйүүдө. | ||
«капиталист»‚ «башкаруучу»‚ «фабрикант» ж. б. түшүнүктөр м-н маанилеш. | |||
өнүгүүнүн теориясы» деген эмгегинде иштеп | |||
чыккан. | |||
коомдук керектөө да таандык болууга тийиш‚ ансыз ал | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:49, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИШКЕР – кандайдыр бир пайдалуу иш баштоого ж-а жүргүзүүгө жөндөмдүү‚ жаңы товар‚ кызмат көрсөтүү‚ технология‚ жаңычыл идея‚ капитал салуу чөйрөсү түрүндө мурда белгисиз болгон жаңы рынок мүмкүнчүлүктөрүн издөөчү ж-а ишке ашыруучу чарбакер. «Ишкер» түшүнүгү «капиталист»‚ «башкаруучу»‚ «фабрикант» ж. б. түшүнүктөр м-н маанилеш. «Ишкер» терминин батыш экономика илиминде алгач 18 кылымда бизнес теоретиги Р. Катильон (Франция) пайдаланган. Ишкердин системалаштырылган концепциясын И. Шумпетер (АКШ) өзүнүн «Экономикалык өнүгүүнүн теориясы» деген эмгегинде иштеп чыккан. Ишкерге өз кызыкчылыгы гана эмес‚ коомдук керектөө да таандык болууга тийиш‚ ансыз ал ишкер боло албайт. Ишкердин ролун А. Cмит мындай деп белгилеген: «Өз кызыкчылыгын көздөө м-н ал коомдун кызыкчылыгына көбүрөөк кызмат өтөйт». Ишкер майда менчик ээси‚ АКтын башкаруучусу‚ кооператор‚ ижарачы болушу мүмкүн. Алардын бардыгына чыгармачылык‚ демилгелүүлүк‚ кадыр-барк ж. б. мүнөздүү. Рынок экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ири‚ орто ж-а чакан ишкердик иштейт. Кыргызстанда жагымдуу шарт түзүүнү талап кылган орто ж-а чакан ишкердик басымдуу, ири ишкерлер да көбөйүүдө.