ИШКЕР
ИШКЕР – кандайдыр бир пайдалуу иш баштоого ж-а жүргүзүүгө жөндөмдүү‚ жаңы товар‚ кызмат көрсөтүү‚ технология‚ жаңычыл идея‚ капитал салуу чөйрөсү түрүндө мурда белгисиз болгон жаңы рынок мүмкүнчүлүктөрүн издөөчү ж-а ишке ашыруучу чарбакер. «Ишкер» түшүнүгү «капиталист»‚ «башкаруучу»‚ «фабрикант» ж. б. түшүнүктөр м-н маанилеш. «Ишкер» терминин батыш экономика илиминде алгач 18 кылымда бизнес теоретиги Р. Катильон (Франция) пайдаланган. Ишкердин системалаштырылган концепциясын И. Шумпетер (АКШ) өзүнүн «Экономикалык өнүгүүнүн теориясы» деген эмгегинде иштеп чыккан. Ишкерге өз кызыкчылыгы гана эмес‚ коомдук керектөө да таандык болууга тийиш‚ ансыз ал ишкер боло албайт. Ишкердин ролун А. Cмит мындай деп белгилеген: «Өз кызыкчылыгын көздөө м-н ал коомдун кызыкчылыгына көбүрөөк кызмат өтөйт». Ишкер майда менчик ээси‚ АКтын башкаруучусу‚ кооператор‚ ижарачы болушу мүмкүн. Алардын бардыгына чыгармачылык‚ демилгелүүлүк‚ кадыр-барк ж. б. мүнөздүү. Рынок экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө ири‚ орто ж-а чакан ишкердик иштейт. Кыргызстанда жагымдуу шарт түзүүнү талап кылган орто ж-а чакан ишкердик басымдуу, ири ишкерлер да көбөйүүдө.