ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ</b> – ци­линдрдин жумушчу көңдөйүндө отундун | <b type='title'>ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ</b> – ци­линдрдин жумушчу көңдөйүндө отундун химиялык энергиясын механикалык жумушка айландыруучу жы­луулук кыймылдаткыч. Алгачкы газ ичинен күймө кыймылдаткычын франциялык механик Э. Ленуар ойлоп тапкан (1860). Россияда О. С. Костович биринчи бензин карбюратордуу кыймылдаткычты түзгөн (1880). 1897-жылы Р. Дизель күйүүчү майдын кысылуусу­нан тутануучу кыймылдаткычты сунуш кыл­ган (к. <i>Дизель</i>). Ичинен күймө кыймылдаткыч суюк отун ж-а газ м-н | ||
[[File:ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ16.png | thumb | Төрт тактылуу ичинен күймө кыймыл­даткычтын схемасы.]] | [[File:ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ16.png | thumb | Төрт тактылуу ичинен күймө кыймыл­даткычтын схемасы.]] | ||
иштөөчү болуп бөлүнөт. Күйүүчү аралашманы цилиндрге үзгүлтүксүз берип туруу ыкмасы | иштөөчү болуп бөлүнөт. Күйүүчү аралашманы цилиндрге үзгүлтүксүз берип туруу ыкмасы боюнча ичинен күймө кыймылдаткыч 2 ж-а 4 тактылуу болот. Май м-н аба­нын кошундусунан турган күйүүчү аралашма­ны даярдоо ыгына карата аралашманы сырт­тан ж-а ичтен даярдоочу кыймылдаткычтарга ажыратат. Карбюратордуу кыймылдаткычта аралашма сырттан даярдалып, электр учкуну м-н тутанат, ал эми дизелдикте болсо ичтен даярдалып, цилиндрдин ичине кирген аба ка­туу кысылып, жогорку температурага жеткенде, ага бүркүлгөн күйүүчү май тутанат. 4 тактылуу кар­бюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цик­ли поршендин 4 түрдүү абалы (такты), башкача айтканда муу­нактуу валдын эки айланышы м-н аяктайт: 1- такт аралашманы соруу, 2-такт аралашманы кысуу, 3-такт кеңейүү (жумушчу жүрүш), 4-такт түтүн чыгаруу (к. сүрөт). 2 тактылуу карбюра­тордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли пор­шендин эки түрдүү абалы, башкача айтканда муунактуу вал­дын бир айланышы м-н аяктайт. Энергияны өзгөртүү түрү б-ча поршендик, турбиналык (ба­ралык), реактивдүү ж-а айкалыштырылган бо­лот. Пайдалуу аракет коэффициенти 0,4–0,5. Ичинен күймө кыймылдаткыч кеңири таралган кыймылдаткычка кирет ж-а айыл чарба машинала­рында, самолёт, тепловоз, кемелерде ж. б. кол­донулат. | ||
өзгөртүү түрү б-ча поршендик, турбиналык (ба­ралык), реактивдүү ж-а айкалыштырылган бо­лот. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:52, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ – цилиндрдин жумушчу көңдөйүндө отундун химиялык энергиясын механикалык жумушка айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Алгачкы газ ичинен күймө кыймылдаткычын франциялык механик Э. Ленуар ойлоп тапкан (1860). Россияда О. С. Костович биринчи бензин карбюратордуу кыймылдаткычты түзгөн (1880). 1897-жылы Р. Дизель күйүүчү майдын кысылуусунан тутануучу кыймылдаткычты сунуш кылган (к. Дизель). Ичинен күймө кыймылдаткыч суюк отун ж-а газ м-н

иштөөчү болуп бөлүнөт. Күйүүчү аралашманы цилиндрге үзгүлтүксүз берип туруу ыкмасы боюнча ичинен күймө кыймылдаткыч 2 ж-а 4 тактылуу болот. Май м-н абанын кошундусунан турган күйүүчү аралашманы даярдоо ыгына карата аралашманы сырттан ж-а ичтен даярдоочу кыймылдаткычтарга ажыратат. Карбюратордуу кыймылдаткычта аралашма сырттан даярдалып, электр учкуну м-н тутанат, ал эми дизелдикте болсо ичтен даярдалып, цилиндрдин ичине кирген аба катуу кысылып, жогорку температурага жеткенде, ага бүркүлгөн күйүүчү май тутанат. 4 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин 4 түрдүү абалы (такты), башкача айтканда муунактуу валдын эки айланышы м-н аяктайт: 1- такт аралашманы соруу, 2-такт аралашманы кысуу, 3-такт кеңейүү (жумушчу жүрүш), 4-такт түтүн чыгаруу (к. сүрөт). 2 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин эки түрдүү абалы, башкача айтканда муунактуу валдын бир айланышы м-н аяктайт. Энергияны өзгөртүү түрү б-ча поршендик, турбиналык (баралык), реактивдүү ж-а айкалыштырылган болот. Пайдалуу аракет коэффициенти 0,4–0,5. Ичинен күймө кыймылдаткыч кеңири таралган кыймылдаткычка кирет ж-а айыл чарба машиналарында, самолёт, тепловоз, кемелерде ж. б. колдонулат.