ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ
ИЧИНЕН КҮЙМӨ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ – цилиндрдин жумушчу көңдөйүндө отундун химиялык энергиясын механикалык жумушка айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Алгачкы газ ичинен күймө кыймылдаткычын франциялык механик Э. Ленуар ойлоп тапкан (1860). Россияда О. С. Костович биринчи бензин карбюратордуу кыймылдаткычты түзгөн (1880). 1897-жылы Р. Дизель күйүүчү майдын кысылуусунан тутануучу кыймылдаткычты сунуш кылган (к. Дизель). Ичинен күймө кыймылдаткыч суюк отун ж-а газ м-н

иштөөчү болуп бөлүнөт. Күйүүчү аралашманы цилиндрге үзгүлтүксүз берип туруу ыкмасы боюнча ичинен күймө кыймылдаткыч 2 ж-а 4 тактылуу болот. Май м-н абанын кошундусунан турган күйүүчү аралашманы даярдоо ыгына карата аралашманы сырттан ж-а ичтен даярдоочу кыймылдаткычтарга ажыратат. Карбюратордуу кыймылдаткычта аралашма сырттан даярдалып, электр учкуну м-н тутанат, ал эми дизелдикте болсо ичтен даярдалып, цилиндрдин ичине кирген аба катуу кысылып, жогорку температурага жеткенде, ага бүркүлгөн күйүүчү май тутанат. 4 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин 4 түрдүү абалы (такты), башкача айтканда муунактуу валдын эки айланышы м-н аяктайт: 1- такт аралашманы соруу, 2-такт аралашманы кысуу, 3-такт кеңейүү (жумушчу жүрүш), 4-такт түтүн чыгаруу (к. сүрөт). 2 тактылуу карбюратордук кыймылдаткычтын жумушчу цикли поршендин эки түрдүү абалы, башкача айтканда муунактуу валдын бир айланышы м-н аяктайт. Энергияны өзгөртүү түрү б-ча поршендик, турбиналык (баралык), реактивдүү ж-а айкалыштырылган болот. Пайдалуу аракет коэффициенти 0,4–0,5. Ичинен күймө кыймылдаткыч кеңири таралган кыймылдаткычка кирет ж-а айыл чарба машиналарында, самолёт, тепловоз, кемелерде ж. б. колдонулат.