ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО''' – ичиле турган суу булактарынын булга­нуусун (химиялык ж-а эпидемиологиялык) алдын алууга ба­гытталган мыйзамдуу санитардык-техникалык чаралар. Суу жер астындагы суу булактарынан (жабык), ал эми суу аз же жер астындагы суунун сапаты начар болгондо агын суулардан алынат. Сууну коргоо чаралары Кыргызстандын «Ичилүүчү суу жө­нүндөгү" мыйзамынын санитардык эреже ж-а норма талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Негизинен иш-чаралар өзгөчө режимде чектелген санитардык коргоо аймагында жүрөт. Ал үч бөлүктөн ту­рат: 1) талап катуу коюлган аймак. Бул режим­деги аймакта суу топтолот ж-а суу түтүктөрү чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосу­луп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтары­лат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектел­ген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна ж-а табигый тазаланышына жараша болот; 3) бай­коо жүргүзүү аймагы, мында суунун башаты­на чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу м-н камсыз кылууда борборлоштурулган зыян­сыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иш­тери жүргүзүлөт. Сууну санитардык коргоону санит­ардык эпидемиологиялык станция жүзөгө ашырат. | |||
чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосу­луп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтары­лат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектел­ген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна ж-а табигый тазаланышына жараша болот; 3) бай­коо жүргүзүү аймагы, мында суунун башаты­на чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу м-н камсыз кылууда борборлоштурулган зыян­сыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иш­тери жүргүзүлөт. Сууну | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:36, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО – ичиле турган суу булактарынын булгануусун (химиялык ж-а эпидемиологиялык) алдын алууга багытталган мыйзамдуу санитардык-техникалык чаралар. Суу жер астындагы суу булактарынан (жабык), ал эми суу аз же жер астындагы суунун сапаты начар болгондо агын суулардан алынат. Сууну коргоо чаралары Кыргызстандын «Ичилүүчү суу жөнүндөгү" мыйзамынын санитардык эреже ж-а норма талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Негизинен иш-чаралар өзгөчө режимде чектелген санитардык коргоо аймагында жүрөт. Ал үч бөлүктөн турат: 1) талап катуу коюлган аймак. Бул режимдеги аймакта суу топтолот ж-а суу түтүктөрү чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосулуп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтарылат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектелген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна ж-а табигый тазаланышына жараша болот; 3) байкоо жүргүзүү аймагы, мында суунун башатына чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу м-н камсыз кылууда борборлоштурулган зыянсыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иштери жүргүзүлөт. Сууну санитардык коргоону санитардык эпидемиологиялык станция жүзөгө ашырат.