ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО
ИЧИЛҮҮЧҮ СУУНУ САНИТАРИЯЛЫК КОРГОО – ичиле турган суу булактарынын булгануусун (химиялык ж-а эпидемиологиялык) алдын алууга багытталган мыйзамдуу санитардык-техникалык чаралар. Суу жер астындагы суу булактарынан (жабык), ал эми суу аз же жер астындагы суунун сапаты начар болгондо агын суулардан алынат. Сууну коргоо чаралары Кыргызстандын «Ичилүүчү суу жөнүндөгү" мыйзамынын санитардык эреже ж-а норма талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Негизинен иш-чаралар өзгөчө режимде чектелген санитардык коргоо аймагында жүрөт. Ал үч бөлүктөн турат: 1) талап катуу коюлган аймак. Бул режимдеги аймакта суу топтолот ж-а суу түтүктөрү чыгуучу имарат жайгашкан. Ал тегерете тосулуп, айланасына бак-дарак өстүрүлүп кайтарылат; 2) булганыч суулар кошулуп, ичиле турган суунун сапатына таасир тийгизбөө үчүн чектелген аймак. Анын чеги суунун булгануусуна ж-а табигый тазаланышына жараша болот; 3) байкоо жүргүзүү аймагы, мында суунун башатына чейин эпидемиялык абал көзөмөлдөнөт. Суу м-н камсыз кылууда борборлоштурулган зыянсыздандыруу, тазалоо, туздардан арылтуу иштери жүргүзүлөт. Сууну санитардык коргоону санитардык эпидемиологиялык станция жүзөгө ашырат.