ИТТРИЙ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>И́ТТРИЙ</b> (лат. Yttrium), Y – элементтердин мез­гилдик системасынын III тобундагы | <b type='title'>И́ТТРИЙ</b> (лат. Yttrium), Y – элементтердин мез­гилдик системасынын III тобундагы химиялык эле­мент, катар номери 39, атомдук массасы 88,9059. Моноизотоптуу элемент – <sup>89</sup>Y. Жер кыртышындагы массасы б-ча 2,8 10–3%. Иттрий скандий, лантан ж-а ланта­ноиддер м-н бирге сейрек кездешүүчү жер металл­дар тобун түзөт. Бул металлдардын химиялык касиет­тери абдан окшош, жаратылышта чогуу кез­дешет, ачылыш тарыхы да бирдей. Иттрий – жум­шак, жеңил, күмүштөй ак металл, тыгыздыгы 4,45 <i>г/см</i><sup>3</sup>, балкып эрүү t 1528°С, кайноо t 3322°С. Кычкылдануу даражасы +3. Алюми­ний м-н болгон куймасы өтө бекемдиги ж-а же­ңилдиги м-н башка куймалардан айырмаланат. Абада кычкылданат, Н<sub>2</sub>О, HCl, HNO<sub>3</sub> м-н өз ара­ аракеттенет. 200°Сде күкүрт м-н, андан жогор­ку температурада натрий м-н реакцияга кирет. Иттрий кальциотермиялык жол м-н иттрийдин үч фториди­нен алынат. Аты иттербит минералынын атынан аталган. Иттрий самолёт курууда, радиоэлек­троникада, угуу аспаптарында, ЭЭМдерде кол­донулат. | ||
Абада кычкылданат, Н<sub>2</sub>О, HCl, HNO<sub>3</sub> | |||
м-н өз ара | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
09:55, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
И́ТТРИЙ (лат. Yttrium), Y – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент, катар номери 39, атомдук массасы 88,9059. Моноизотоптуу элемент – 89Y. Жер кыртышындагы массасы б-ча 2,8 10–3%. Иттрий скандий, лантан ж-а лантаноиддер м-н бирге сейрек кездешүүчү жер металлдар тобун түзөт. Бул металлдардын химиялык касиеттери абдан окшош, жаратылышта чогуу кездешет, ачылыш тарыхы да бирдей. Иттрий – жумшак, жеңил, күмүштөй ак металл, тыгыздыгы 4,45 г/см3, балкып эрүү t 1528°С, кайноо t 3322°С. Кычкылдануу даражасы +3. Алюминий м-н болгон куймасы өтө бекемдиги ж-а жеңилдиги м-н башка куймалардан айырмаланат. Абада кычкылданат, Н2О, HCl, HNO3 м-н өз ара аракеттенет. 200°Сде күкүрт м-н, андан жогорку температурада натрий м-н реакцияга кирет. Иттрий кальциотермиялык жол м-н иттрийдин үч фторидинен алынат. Аты иттербит минералынын атынан аталган. Иттрий самолёт курууда, радиоэлектроникада, угуу аспаптарында, ЭЭМдерде колдонулат.