ИТТРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́ТТРИЙ (лат. Yttrium), Y – элементтердин мез­гилдик системасынын III тобундагы химиялык эле­мент, катар номери 39, атомдук массасы 88,9059. Моноизотоптуу элемент – 89Y. Жер кыртышындагы массасы б-ча 2,8 10–3%. Иттрий скандий, лантан ж-а ланта­ноиддер м-н бирге сейрек кездешүүчү жер металл­дар тобун түзөт. Бул металлдардын химиялык касиет­тери абдан окшош, жаратылышта чогуу кез­дешет, ачылыш тарыхы да бирдей. Иттрий – жум­шак, жеңил, күмүштөй ак металл, тыгыздыгы 4,45 г/см3, балкып эрүү t 1528°С, кайноо t 3322°С. Кычкылдануу даражасы +3. Алюми­ний м-н болгон куймасы өтө бекемдиги ж-а же­ңилдиги м-н башка куймалардан айырмаланат. Абада кычкылданат, Н2О, HCl, HNO3 м-н өз ара­ аракеттенет. 200°Сде күкүрт м-н, андан жогор­ку температурада натрий м-н реакцияга кирет. Иттрий кальциотермиялык жол м-н иттрийдин үч фториди­нен алынат. Аты иттербит минералынын атынан аталган. Иттрий самолёт курууда, радиоэлек­троникада, угуу аспаптарында, ЭЭМдерде кол­донулат.